Хан, Салман (агартуучу)

Википедия дан
Салман Хан
Агартуучу Салман Хан 2011-жылкы жыйын маалында.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Салман Хан (англисче - Salman Amin 'Sal' Khan', бенгал тилинде - সালমান খান)
Туулган жылы: 1977-жыл
Туулган жери: АКШ, Жаңы Орлеан
Өлкө: АКШ желеги АКШ
Компаниясы: Хан Академиясы
Ишмердүүлүгү: агартуучулук, интернет технологиясына негизделген сабактарды уюштуруу
Альма-матер: АКШдагы Массачусетс Технологиялык Институту, Гарвард Университетинин Гарвард Бизнес Мектеби
Коомдук салымдары: педагогдук салымдары
Мурда аткарган кызматтары:
  • Hedge Fund деген кордун кызматкери
Сыйлыктары: 2009-жылы Майкрософттун “Таалим берүү жаатындагы технологиялык сыйлыгын” (Tech Award for education) алган.

'Салман Амин Сал Хан (англисче - Salman Amin 'Sal' Khan, бенгал тилинде - সালমান খান) – америкалык заманбап окутуучу жана Хан Академиясынын негиздөөчүсү. Хан Академиясы - коммерциялык эмес уюм жана акысыз билим он-лайн платформасы катары кеңири таанымал.

Кыскача өмүр таржымакалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салман Хандын ата-теги бангладештик, бирок өзү америкалык жаран.

Анын атасы Бангладештин Барисал шаарынан болот.

Салман Хан АКШдагы Массачусетс Технологиялык Институтунун (MIT) үч даражасынын ээси.

Математика жана программист кесиби боюнча бакалавр даражасына жана инженер-программист кесиби боюнча магистр даражасына ээ болгон.

Салман Хан АКШдагы Гарвард Университетинин Гарвард Бизнес Мектебинен (Harvard Business School) Бизнес Башкаруу Магистри (MBA) даражасын алган.

Хан Академиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2004-жылдын акырында Салман өзүнүн аталаш карындашы Надиага интернеттеги Yahoo Doodle программасынын көмөгү менен математика боюнча сабактар бере баштайт.

Надиа башка шаарда турчу жана агасы Салмандан математикасы боюнча жардам берүүсүн өтүнчү.

Анын интернет аркылуу сабак өтүп жатканын башка туугандары жана кошуналары билгенде, алар Салмандан өздөрүнүн балдарына дагы ушундай сабак өтүүсүн суранышкан.

Ошондо Салман Youtube видео порталы аркылуу видео сабактары менен бөлүшө баштайт.

Салман өзүнүн Youtube каналындагы дарегин 2006-жылдын 16-ноябрында ачкан. Анын видеолору эл арасында абдан тез популярдуу болуп кетет.

Анын ар бир видео сабагын калайык 20 000 жолу көргөн.

Анын күйөрмандарынын өтүнүчү боюнча Салман Хан 2009-жылдын аягынан баштап өзүнүн Hedge Fund деген кордогу жумушун таштап, видео сабак жаздырганга өзүнүн бардык убактысын жумшап келет.

Хандын видео сабактары мултимедиялык сапаты, автордун уккулуктуу үнү жана абдан натыйжалуулугу менен дүйнө жүзүндөгү көптөгөн интернеттик студенттердин жогорку баасына арзыган.

Өзүнүн үйүндөгү чакан кеңседен ал 2872 видео сабактарын даярдаган.

Анын видео дарстары математика жана табигый илимдерди гана камтыбастан, тарых, каржы, экономика ж.б. академиялык сабактарды да камтыйт.

2011-жылдын ноябрь айына карата Хан Академиясынын 218,000 он-лайн окуучусу бар болгону анык болгон.


Хан өз мүдөөсүн мындайча аныктаган:

“Бардык муундагы адамдарга керектүү сабактарды жаздыруу жана билим менен бөлүшүү зарыл”.

Азыркы учурда Хан англис тилинин жана дүйнөлүк тарыхтын көйгөйлөрүн түшүндүрүү боюнча иш алып бараары белгилүү болду.

Башка программалар Хандын видеолору менен Африка жана Азиянын кээ бир мамлекеттеринде тренингдерди өтүшкөн.

Салман Хандан анын бул ишке тартылуусунун сырын сурашканда, ал төмөнкүдөй жообун узаткан:

“Мен эң аз убакытымды коротуп, миңдеген адамдарды окутканга мүмкүнчүлүк алдым. Мен өз убактымды өтө натыйжалуу колдоноорумду мындан башка усулда элестете албайм”.

Салман Хандын саамалыктары медиада[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Салман Хандын педагогдук саамалыктары (анын мултимедиялык сабактары) The Colbert Report, CNN, PBS NewsHour жана National Public Radio сыяктуу маалымат каражаттары аркылуу кеңири чагылдырылган.

2010-жылы Google корпорациясы Хан Академиясына видеосабактарын жаздыруу үчүн жана англис тилинен башка тилдерге которуу үчүн 2 млн доллар каражатты сүрөөнчү катары берген.

Сыйлыктары. Наамдары.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2009-жылы ал Майкрософттун “Таалим берүү жаатындагы технологиялык сыйлыгын” (Tech Award for education) жеңип алган.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Posted (2010-06-28). "How Khan Academy Is Changing Education With Videos Made In A Closet – with Salman Khan". Mixergy.com. Retrieved 2010-08-26.

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]