Ханган

Википедия дан
Ханган

Ханган (Han gang) - Түштүк Кореядагы дарыя. Уз. 514 км, алабынын аянты 34,5 миң км2.

Тхэбэк кырка тоосунан башталып, дөңсөөлүү түздүк менен, төмөнкү агымында Ханган ойдуңу аркылуу агат. Сары деңиздин Канхваман булуңуна куярда эстуарийди пайда кылат. Орточо чыгымы 670 м3/сек, жайкысын кирет. Сугатка пайдаланылат. 300 кмге чейин кеме жүрөт; төмөнкү агымына деңиз ташкынынын таасири тиет. Боюнда Сеул ш. жайгашкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4