Хантингтон Самуэл

Википедия дан
Samuel P. Huntington (2004)

Хантингтон Самуэл (1927-2008) - америкалык саясат таануучу.

1984-ж. саясий илимдердин америкалык ассоциациясынын вице-президенти, 1985-ж. президента болуп шайланган. Хантингтон структуралык функционалдык ыкманын негизинде жаткан өнүгүү концепциясына негизги көңүлүн бурган. Ал социоэкономикалык модернизациядан саясий өнүгүүнүн бөлүнүп чыгышында зор ролду ойногон.

Институттардын начарлашы жана кулашы, алардын пайда болушу, өнүгүшү жана жетилиши — Хантингтондун изилдөөсүндөгү негизги проблемалардын бири. «Өзгөрүлүүчү коомдордогу саясий тартип» китебинде (1968) ал бир жагынан болуп жаткан модернизациялоо процесстеринин, экинчи жагынан - адаттагы, өткөөл же бүгүнкү күндөгү саясий структуралардын күчү, стабилдүүлүгү же алсыздыгынын ортосундагы «эквиваленттик өз ара аракеттерге көңүлүн бурган. Хантингтонго ылайык саясий уюмдарды жана процесстерди «институтташтыруу» — саясий өнүгүүнүн критерийи болуп саналат. Жакшы институтташтырылган мамлекеттик түзүлүшкө ылайыкташуунун, автономиянын жана келишүүчүлүктүн жогорку деңгээли таандык. Жалгыз гана ушундай түзүлүш дайыма өзгөрүп туруучу социалдык максаттарга ылайыкташууну камсыз кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8