Хатчесон, Фрэнсис

Википедия дан
Хатчесон, Фрэнсис

Фрэнсис Хатчесон (1694—1747) — шотландиялык Агартуунун көрүнүктуү өкүлү.
Ал «Биздин сулуулук жана жакшылык жөнүндөгү идеяларыбыздын пайда болушу жөнүндө изилдөө» (1725) деген эмгекти жазган.
Ал — Шефтсберинин жолун жолдоп, анын көз караштарын олуттуу даражада өнүктүргөн жана Шефтсбери сыяктуу эле «моралдык сезимдин» теоретиги болгон.
Адам туулгандан эле, өзүнүн жаратылышы боюнча «жогорку сезим» деп аталган сезимге ээ болот деп эсептейт ал, бул сезимдер ага сулуулукту жана жакшылыкты кабылдоого мүмкүндүк берет: ал сулуулукту — ички сезим аркылуу, адеп-актыкты моралдык сезим аркылуу кабыл алат. Сулуулук жана адеп-актык биримдикте турат жана инсандын тубаса сапаттары болуп саналат.
Хатчесон, Шефтсбери сыяктуу эле, «жогорку сезимдер» автономдуу жана сырткы таасирлерге көз каранды эмес деп эсептеген. Ал моралдык нормаларды кароодо утилитардык мамиле жасоого каршы болгон.
Хатчесон дин менен адеп-актыктын ортосундагы ар кандай байланышты танган жана моралдык сезим динге негизденбейт деп ойлогон. Ал жогорку моралды туткан адамдардын ашынган динчил болбогонуна, тескерисинче, башка динге жол койбоочулук жана фанатизм жаманчылыкты пайда кылганына мисалдарды келтирет.
Хатчесон, Шефтсберидей эле, деистик позицияда туруп, дүйнөнү жараткан Кудай биздин турмушубузда үстөмдүк кылып турган сулуулуктун ички принцибин да жараткан деп эсептеген.
Хатчесондун этикалык көз караштарынын гуманизми, ошону менен эле бирге, чектелүү мүнөздө болгон, анткени ал адамдардын моралдык турмушун адам дайыма жашап турган материалдык турмуштан тосмолоп турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]