Хилари Суонк

Википедия дан

Хилари Энн Суонк (англ. Hilary Swank;1974-жылы 30-июлда туулган) — америкалык актриса жана продюсер. Ал "Оскардын" "Эң мыкты актриса" наамын эки жолу утуп алган жана Голливуддагы жылдыздар аллеясында (англ. Hollywood Walk of Fame) 2007-жылы ысмы чегилген.

Суонк "Вампир өлтүргүч Баффи" (англ. Buffy the Vampire Slayer) тасмасы менен дебют жасап, андан кийин 1994-жылы "Каратист бала" (англ. The Karate Kid) франшизасынын төртүнчү бөлүгү болгон "Кийинки каратист бала" (англ. The Next Karate Kid) кинофильминде секирик жасаган. Теледе ал "Беверли Хиллз, 90210" (англ. Beverly Hills 90210) драма сериалынын 8-сезонунда, 1997-жылдан 1998-жылга чейин негизги актердук топко кирген жалгыз бой эне Карли Рейнолдстун образын жараткан. Суонк "Балдар ыйлабайт" (англ. Boys Don't Cry) тасмасында Брэндон Тинанын ролун аткарганы үчүн киносынчылардын баасына татып, "Оскардын" "Эң мыкты актриса" жана "Алтын глобустун" "Эң мыкты актриса — драма" наамдарына ээ болгон. Ал Клинт Иствуддун "Миллион долларлык селки" (англ. Million Dollar Baby) тасмасында боксчу кызга айланган официантка Мэгги Фитцжералддын ролун аткарат. Бул ролу үчүн ал "Оскардын" жана "Алтын глобустун" "Эң мыкты актриса" сыйлыгын экинчи жолу алган.

Ошондой эле, ал "Белек" (англ. The Gift, 2000), "Уйкусуздук" (англ. Insomnia, 2002), "Темир жаактуу периштелер" (англ. Iron Jawed Angels, 2004), "Кызыл топурак" (англ. Red Dust, 2004) "Оруп-жыйноо" (англ. The Reaping, 2007), "P.S. Мен сени сүйөм" (англ. P.S. I Love You, 2007), "Эркин жазуучулар" (англ. Freedom Writers, 2007) жана "Жергиликтүү" (англ. The Homesman, 2014) тасмаларында тартылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]