Хит Лежер

Википедия дан
Хит Лежер
англ. Heath Ledger

Хит Лежер, 2006-жыл
Төрөлгөндөгү ысымы:

Хит Эндрю Лежер

Туулган датасы:

4 -апрель 1979(1979-04-04)

Туулган жери:

Перт, Батыш Австралия, Австралия

Өлгөн датасы:

22 -январь 2008(2008-01-22) (28 жаш)

Өлгөн жери:

Манхэттен, Нью-Йорк, АКШ

Жарандыгы:

[ Австралия

Кесиби:

актёр, клипмейкер

Карьерасы:

19922008

Багыты:

Мелодрама

IMDb:

ID 0005132

Хитклифф Эндрү Лежер (англ. Heathcliff Andrew Ledger; 1979-жылы 4-апрель – 2008-жылы 22-январь) – австралиялык актер жана режиссер. 1990-жылдары бир канча Австралия телекөрсөтүүлөрүндө жана тасмаларында роль аткарган Лежер 1998-жылы актердук чебердүүлүгүн кеңитүү үчүн АКШга көчөт. Актердун чыгармачылык иши он тогуз тасмадан турат, алардын ичинде: "Сени жек көрүмдүн 10 себеби" (англ. 10 Things I Hate About You, 1999), "Журт сүйөр" (англ. The Patriot, 2000), "Рыцардын окуясы" (англ. A Knight's Tale, 2001), "Монстрлардын бий кечеси" (англ. Monster's Ball, 2001), "Догтаун бийлөөчүлөрү" (англ. Lords of Dogtown, 2005), "Тоонун сыры" (англ. Brokeback Mountain, 2005), "Кара рацарь" (англ. The Dark Knight, 2008) жана "Доктор Парнастын кыялдары" (англ. The Imaginarium of Doctor Parnassus, 2009), акыркы эки тасма актердун өлгөнүнөн кийин жарыкка чыккан. Музыкалык видеолордун продюсери болгон Лежер режиссер болууга умтулган.

"Тоонун сыры" тасмада Эннис Дель Мардын ролун аткруусу үчүн актер New York Film Critics Circle Award сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинациясына жана Австралия киноинститутунун "Эң мыкты чет өлкөлүк актер" номинациясына татыган, ошондой эле актер BAFTA сыйлыгынын "Эң мыкты башкы актер" номинациясынын жана "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актер" номинациясынын талапкери болгон. 2007-жылы актер "Мени жок болгон жерде издебе" (англ. I'm Not There) тасмага берилген Роберт Альтмандын "Эркин рух" сыйлыгын тасма актерлору, режиссер жана актерлорду тандоо режиссеру менен бөлүшкөн, бул тасма америкалык ырчы жана ыр жазуучу Боб Диландын жашоосу жана ырларынын негизинде тартылган. Тасмада актер Диландын жашоосунун аспектилерин жана инсан катары өзүн камтыган алты каармандардын бирин, чындыкта жок болгон Робби Кларктын ролун аткарган.

Лежер 2008-жылдын 22-январында, рецепт менен берилген даарылардан кокустан ууланып каза тапкан. Өлөөрүнүн астында, Лежер, бир канча ай мурун "Кара рыцарь" тасмасында (Жокер) тартылып бүткөн. Актердун өлүмү "Кара рыцарь" тасманын редакциялоосуна жана "Доктор Парнастын кыялдары" тасмада анын акыркы болгон Тони каармандын ролун аткаруусунун кызуу учуруна дал келген. Лежердин өлүмү 185 миллион доллардык Бэтмен каарманы жөнүндө тасма тартуусунун илгерилөөсүнө көлөкө таштаган. Лежер өлгөндөн кийин, киносынчылар тарабынан жогору бааланган ролдордун аткаруусуна бир канча сыйлыктарга ээ болгон, алардын ичинде: "Оскар" сыйлыктын "Экинчи пландагы эң мыкты актер", Австралия киноинститутунун "Эң мыкты актер" эл аралык сыйлыгы (2008) (өлгөндөн кийин сыйланган биринчи актер), Los Angeles Film Critics Association Award сыйлыктын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" (2008), "Алтын глобус " сыйлыктын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" (2009) жана BAFTA сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" (2009).

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]