Хэлли Берри

Википедия дан

Хэлли Мария Берри (англ. Halle Berry; туулгандагы аты Мария Холли Берри; 1966-жылдын 14-августунда туулган) — америкалык актриса. Анын "Желмогуздар майрамы" (англ. Monster's Ball, 2001) тасмасындагы оюну жогору бааланып, 2002-жылы "Эң мыкты актриса" номинациясында "Оскар" сыйлыгын алган. 2017-жылга карата Х. Берри "Оскар" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясы уткан жалгыз "африка" тектүү актриса болуп саналат.

Х. Берри 2000-жылдарда Голливуддагы эң кирешелүү актрисалардын катарын толуктап турчу жана көптөгөн тасмаларда тартылган. Ал Revlon компаниясынын жүзү катары, продукцияларын жарнамалап келет. Актриса болгонго чейин ал модель эле , бир нече сулуулук конкурстарына катышып "АКШ сулуусу" конкурсунда вице- мисс болгон. Ал эми 1986-жылы болуп өткөн "Дүйнө сулуусу" конкурсунда 6-орунду багындырган. Анын жылдызы жанган ролу Эдди Мерфи менен бирге тартылган "Кайтар дүнүйө" (Boomerang, 1992) тасмасына таандык. Андан кийин актриса "Флинтстоу үй-бүлөсү" (англисче: The Flintstones, 1994), "Булворт" (англисче: Bulworth, 1998) тасмаларында ойногон. "Бул Дороти Денриж" (англисче: Introducing Dorothy Dandridge, 1999) тасмасындагы ролу үчүн "Эмми" сыйлыгын жана "Алтын глобус" сыйлыгынын "Эң мыкты актриса" номинациясын алган жана башка сыйлыктарга ээ болгон.

Х. Берри "Оскар" сыйлыгына татыктуу фильмден кийин 2000-жылдарда "Шторм (Толкун)" (англисче: Storm), "Сыр сөз-балык кылыч" (англисче: Swordfish, 2001), тасмаларында катышкан, "Башка күнү өл" (англисче: Die Another Day, 2002) тасмасында агент Жисинта "жинкс" Жонсондун ролун аткарган. Актриса андан кийин "Белгисиз адамдар 2" (англисче: X-Men 2, 2003) жана "Белгисиз адамдар: акыркы согуш" (англисче: X-Men: The Last Stand, 2006) тасмаларына тартылган. 2010 -жылы Х. Белли "Булуттуу атлас" (англисче: Cloud Atlas (2012), "Чакырык" (англисче: The Call, 2013)"Белгисиз адамдар: келечектин өткөн күндөрү" (англисче: X-Men: Days of Future Past, 2014) тасмаларында эмгектенген.

Актриса бейсболчу Дэвид Жастиске жана ырчы Эрик Бенеге турмушка чыгып, ажырышкан. Х. Берринин Габриэль Обриден кызы бар жана Оливье Мартинестен уулу бар.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]