Хү Лори

Википедия дан

Жэймс Хү Кэлум Лори ОБЕ (англ. Hugh Laurie; /ˌhjuː ˈlɒri/; 1959-жылы, 11-июлда туулган) - англиялык актер, жазуучу, режиссер, музыкант, ырчы жана куудул. Ал алгач "Фрай жана Лори" аттуу комедия тасмасындагы өнөктөшү Стефен Фрай менен тартылган тасмасы аркылуу белгилүү. Алар ошондой эле 1980-1990-жылдардын аралыгында тартылган "Фрай жана Лоринин берүүсү" (анг. A Bit of Fry & Laurie), "Блэкедер"(анг. Blackadder) жана "Живс менен Вустер" (анг. Jeeves and Wooster) тасмаларында биргеликте тартылышкан.

2004-2012- жылдардын аралыгында ал "Хаус" телесериалындагы доктур Грегори Хаустун ролун аткарган жана ролу ролу үчүн эки "Алтын Глобус" жана эки "Киноактерлордун Гилдия Сыйлыгы" сыяктуу наамдарын жеңип алган. Лори телевизордон эң көп көрүлгөн адам катары жана телесериалдарда эң көп киреше тапкандыгы үчүн 2011-жылы Дүйнөлүк Гиннес Рекорд тизмесине кирген. Ал "Хаус" (анг. House) телесериалынын ар бир эпизоду үчүн 250.000 фунт ($409,000) тапкан. Лори 2015-жылдан бери HBO каналындагы "Вип" (анг. Veep) саясий сатирасында Сенатор Том Жэймстин ролун аткарып келет. 2016-жылы ал BBC / AMCнин кыска сериялуу "Түнкү жетекчи" (анг. The Night Manager) тасмасына тартылып "Алтын Глобус" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамын жеңүү менен үчүнчү сыйлыгына ээ болгон.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]