Чабалекей

Википедия дан

Шарты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Оюнчулардын саны 8—12 киши.

Оюн аянтчада, көк шиберде, спорттук бөлмөдө, сахнада өткөрүлөт.

Оюнга даярдануу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адегенде, оюнга «чабалекей» тандашат, ал диаметри 2 м. келген тегеректин ортосуна малдаш куруп отурат. Андан кийин «корукчу» шайлашып оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Корукчу» тегерекке кирбей жөрмөлөп же чочоюп жүрүп «чабалекейди» коруйт. «Корукчу» чабуул жасаган оюнчулардын бирөөсүн кармап алса, алар ролдору менен алмашышкандан кийин, оюн кайрадан башталат. Каалаган убакытка чейин уланат. «Корукчуларга кармалбаган оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун эрежеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Чабалекейди» катуу урууга, тебүүгө, чымчууга, оюнчуларды тегеректин сыртында кармоого, бир бирине тоскоолдук кылууга болбойт.

Педагогикалык мааниси. Күч, ылдамдык, шамдагайлык, чыдамкайлык тарбияланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]