Чанша

Википедия дан

Чанша - Кытайдын борбордук бөлүгүндөгү шаар.

Хунань провинциясынын адм. борбору. Сянцзян д-нын боюндагы порточо Калкы 2,3 млн (2010). Жолдор тоому. Т. ж. түйүнү. Эл аралык аэропорту бар. Кытайдын түштүгүндөгү ири өнөр жай борбору. Көмүр казып алынат. Жеңил, тамак-аш (май, ун, эт, чай), түстүү металлургия, жогорку тактыктагы жабдуулар, станок куруу, химиялык, Кагаз, кебез-кездеме, келеп жибин түрүү жана кездеме токуу өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк (а. и. карапа буюмдарын жасоо) өнүккөн. Индустриялуу-технолиялык улуттук парк, табигый маданий эстеликтер, музей ж. б. бар. Кытайдагы эң байыркы (анын ордундагы тургун жай б. з. ч. 5-кылымдан белгилүү) ш-дын бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4