Чебоксары

Википедия дан
Чебоксары (2017).

Чебоксары - Россиядагы шаар (1920-жылдан), Чуваш Респ-нын адм. борбору (1925-жылдан).

Волга дарыясындагы порточо Калкы 465 миң (2013; агломерациясы менен 680 миң). Т. ж. бекети. Эл аралык аэропорту бар. Чувашиянын илимий, өнөр жай жана маданий борбору. Машина куруу (заводдору: «Промтрактор», «Электроприбор», «Энергозапчасть», агрегат, электр аппараттары, прибор куруу, кабель), жеңил (а. и. кебез кездеме комбинаты), тамак-аш (кондитер азыктары ф-касы), жыгаччылык өнөр жай ишканалары, В. И. Чапаев атындагы өндүрүш бирикмеси (жарылгыч заттар (а. и. аскерий коргонуу үчүн), радио-техникалык) иштейт. Курулуш материалын чыгарат. ЖОЖ (а. и. Чуваш университети), театрлар, музейлер (а. и. В. И. Чапаевдин) ж. б. бар. 13-кылымда болгар-чуваш конушу катары негизделип, 1555-жылдан орус чеби, 1920-25-ж. Чуваш АОсунун борбору болгон. Троицский монастыры (16-к.), Введенский собору (1651-ж.), Воздвижения (1702) жана Успенье (1763) чиркөөлөрү, ошондой эле 17-18-кылымга таандык үйлөр сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4