Чоң туздуу көл

Википедия дан

Чоң туздуу көл (Great Salt Lake) - АКШнын (Юта штаты) батышындагы Чон Бассейнде, деңиз деңгээлинен

1280 м бийикте жайгашкан туздуу туюк көл. Плейстоцендеги тузсуз Бонневилл көлүнүн калдыгы. Көлгө Бэр, Уибер, Жордан д. куят. Батышында чөл аймагы менен чектешет. Аянты жаан-чачынга жараша 2500ден 6000 км2ге чейин өзгөрөт. Орточо тереңдиги 4,57,5 м, эң терең жери 13-15 м. Туздуулугу 137 - 300%о. Көлдөн кайнатма жана глабуер туздары казылып алынат. Чыгыш жээгинде калк жыш отурукташкан; ири шаарлары: Солт-ЛейкСити, Огден. Көлдөгү дамба аркылуу Түштүк Тынч океан т. ж. (Саут Пасифик) кесип өтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4