Шаакерим Кудайберди уулу

Википедия дан

Шаакерим Қудайберди уулу, казакча - Шәкәрім Құдайбердіұлы (1858, Семей уезди, Чыңгызтоо – 02.10.1931, ошол эле жер, Казак АССРи) – казак адабиятчысы, акыны жана тарыхчысы.

Шаакерим Қудайберди уулу.
Шаакерим Қудайберди уулу.


Қысқача өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шаакерим Қудайберди уулу (1858, Семей уезди, Чыңгызтоо – 1931, ошол эле жер) – айтылуу Кунанбайдын небереси болгон.

Акын Абай Кунанбаев анын атасынын иниси болгон.

Шаакерим жашынан билимге дилгир болуп, араб, түрк, парсы орус тилдерин үйрөнүп, бул тилдерден айрым чыгармаларды казак тилине которгон.

1905–06-ж. ажылыкка бара жатып, Стамбулда чыгыш ойчулдарынын мурасы менен таанышкан.

1911-ж. ал Оренбург шаарында «Түрк, кыргыз, казак жана хандардын санжырасы» тарыхый эмгегин жарыялап, анда Шаакерим Қудайберди уулу байыркы кыргыздар казак элинин да бабасы болгондугу тууралуу тарыхчы-санжырачы катары өз оюн жазып, ошондой эле кээ бир кыргыз урууларынын ар кыл себептер менен кийинчерээк казактардан чыкканы жөнүндө жана айрым кыргыз урууларынын казактарга кошулганы жөнүндө маалымат берген.

Жалаа менен 1930-жылдын башында камалып, кайра бошотулган. Аны чекисттер 1931-жылы 2-октябрда атып өлтүргөн.

1958-ж. акталган.

A.
Шаакерим Қудайберди уулу. Почтоо маркасы.

Қолдонулған адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Бейше Урстанбеков, Тынчтықбек Чороев. Қырғыз тарыхы: Қысқача энциклопедиялық сөздүк. Фрунзе, Қырғыз Совет Энциклопедиясынын Башқы редакциясы. 1990. ISBN 5-89750-028-2. Жалпы көлөмү – 288 бет.
  • Қырғыз тарыхынын энциклопедиясы Б,2003.
  • Алимкулова Г. Шакарим Кудайбергенов (1858-1934 гг.) // С Арыстан баба путь начни.... — Алматы: SA Print Service, 2007. — С. 87—88. — 95 с. — 1000 экз. — ISBN 9965-21-011-X.
  • Шәкәрім мен Қайым. Тағдырлас, Шакарим и Каюм. Сплетение судеб — Астана: Фолиант, 2009.


Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]