Шахзода

Википедия дан
Шахзода
Shahzoda
Негизги маалымат
Төрөлгөндөгү ысымы

Мусава Зилола Баходыровна

Туулган датасы

28 -июль 1979(1979-07-28) (44 жаш)

Туулган жери

Фергана, Өзбек ССРи, СССР

Өлкө

Өзбекстан желеги Өзбекстан

Кесиптери

актриса, ырчы

Жанрлары

поп-музыка, поп-фолк

Активдүү жылдары

2000 — азыркы учурда

Жамааты

"Жоним"

Сыйлыктары

shahzoda.uz

Шахзода (өзб. Shahzoda, нукура ысымы — Зилола Баходыровна Мусаева, өзб. Zilola Bohodir qizi Musayeva; төр. 28-июль, 1979) — Өзбекстандык ырчы жана актриса.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шахзоданын өз аты-жөнү – Зилола Мусаева. Ал 1979-жылы 28-июлда Ташкент шаарында төрөлгөн. Атасынын аспирантурада окугандыгына байланыштуу 1980-1987-жылдар аралыгында Москва шаарында жашаган. Атасы аспирантураны аяктаган соң кайрадан Ташкентке келишип, Зилола мыкты деген мектептердин бирине кирген. Музыкага шыгы бар кызга ата-энеси мектеп жашынан баштап жеке мугалим жалдашып, вокал боюнча сабак алдырышкан. 1997-жылы мектепти ийгиликтүү аяктагандан кийин Киев эл аралык Университетинин менеджмент факультетине тапшырган. Бирок, жандүйнөсүндө жашаган музыка күчтүүлүк кылып, окуусун таштап кетүүгө мажбур болгон. Зилоланын мектептен берки жакын курбусу Нателла өз мекенинде белгилүү аранжировщик, акын жана композитор Вагиф Закировдун жубайы экен. Вагиф кыздарга “Жоным” (кырг. "Жаным") - аттуу топ түзүүнү сунуштайт да, “Утиб кетади” кырг. "Өтүп кетет" - деп аталган альбом чыгарганга жардам берет. 1999-жылы «Жоним» (кырг. "Жаным") - аттуу топ түзүп, алгачкы эки айдын ичинде эле биринчи альбомун чыгарууга жетишкен. 2001-жылы “Тарона Рекордс” компаниясы менен келишим түзгөн ырчы жаңы “Шахзода” деген ысым менен чыгууну чечет.Бир топ өзбек фильмеринде роль жараткан. Шахзода “2003-жылдын мыкты ырчысы”, “2004-жылдын мыкты альбому”, “2005-жылдын мыкты ыры” номинацияларында жеңүүчү болгон. “Бор экан“, “Бахт булади“, “Керагимсан“, “Бахтлиман“, “Ассолом алейкум” деген альбомдорун чыгарып, учурда дагы бирөөсүнүн үстүндө иштөөдө. Атасы Мусаев Бахадыр – философия илимдеринин доктору, апасы Мусаева Майя – орус тили жана адабияты сабагынан мугалим, иниси Мусаев Эркин – жеке ишмер.

  • Bahodir Musayev
  • Mirihta Musayeva
  • Jamila
  • Erkin Musayev Bahodirovich
  • Solih
  • Holid Yo'ldoshev Ravshanbekovich
  • Ravshanbek Yo'ldoshev Jumanazarovich
  • Lola Yo'ldosheva Ravshanbekovna
  • Shahinabegim Shohruhovna
  • Shohdiyor Shohruhovich
  • Shohruh
  • Gulnora Yo'ldosheva Shamilevna
  • Rustam Yo'ldoshev Ravshanbekovich
  • Anora Yo'ldosheva Ravshanbekovna
  • Asal Yo'ldosheva Ravshanbekovna

Музыкалык альбомдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

жыл Альбом (Өзбекче) Альбом (Кыргызча)
2002 Bor ekan Бар экен
2004 Baxt boʻladi Бакыт болот
2004 Keragimsan Керегимсиң
2005 Baxtliman Бактылуумун
2007 Assalomu alaykum Ассалоому алейкум
2009 Sevgi bor Сүйүү бар
2009 Unutmadim Унутпадым"
2010 Tilayman Тилеймин
2011 Qora koʻzlaring Кара көздөрүң
2013 Bu muhabbat Бул махабат
2014 Sen Menga Kerak Сен Мага Керек
2015 Rahmat hayot Рахмат жашоо

Фильмография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жыл Аталышы ( өзбекче) Роль
2000 Tohir va Zuhra yangi talqin Зухра
2004 Sevinch Наргиза
2004 Xavfli burilish Шахзода
2004 Sarvinoz Сарвиноз
2006 Fotima va Zuhra Зухра
2006 Voy dod sumalak Зилола
2007 Zumrad va Qimmat Зумрад
2010 Majruh Севара
2011 Nafs Шахзода
2012 O Maryam, Maryam Марьям
2016 Sharofatxonning kelinlari yoxud navro′z muborak Шахзода

Дискография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Видеография[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шахзоданын турмуш ортогу бар,Учурда эки уулдун энеси: чоңу - Салих биринчи турмушунан, кичинеси - Халид экинчи турмушунан, Равшан Юлдашев( Ырчы Лола Юлдашеванын агасы)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]