Эдвард Фөрлоң

Википедия дан

Эдвард Уолтер Фөрлоң (англ. Edward Furlong;1977-жылы 2-августта туулган) — америкалык актер жана музыкант. Өспүрүмдөрдүн мурдагы жылдызы болгон Фөрлоң «Терминатор 2: Акыр заман» (1991) тасмасында мыкты аткаруу чеберчилиги үчүн «Сатурн» жана «MTV» киносыйлыгына татыган. Кийинки жылы ал «Көз карандысыз эрк» сыйлыгына көрсөтүлгөн жана «Үй жаныбарларынын мүрзөсү 2» тасмасындагы эмгеги үчүн «Сатурн» сыйлыгына көрсөтүлгөн. «Өзүбүздүн үйүбүз» (1993) тасмасындагы ролу үчүн Кэти Бэйтс менен «Жаш өнөр адамы» наамын жеңип алган жана актердук топ менен биргеликте калган номинацияларды бөлүшүп алган.

Кристина Риччи менен 1998-жылы «Тумшук» тасмасындагы жана Эдвард Нортон менен «Американын окуясы X» кинофильминдеги ролдору үчүн Фөрлоң алкоого алынган. Анын карьерасынын башталышындагы башка тасмаларга «Кичинекей Одесса» (1994), «Мээ окуу» (1994), «Шибер арфасы» (1995) жана Мерил Стрип жана Лиам Нисон менен кошо тартылган «Мурда жана кийин» (1996) тасмалары кирет. Ал Жон Коннор катары образын эл аралык «Universal Studios» паркындагы T2 3-D: Убакыт аралыгындагы кармаш (1996) аттракционунда кайра аткарган. Фөрлоң кыска убакыт аралыгында ырчылык чөйрөсүнө аралашып көргөн. 1991-жылы «Бекем карма» аттуу альбому жарык көрүп, Жапонияда гана сатыкка чыккан.

Фөрлоңдун акыркы белгилүү ролдорду «Рок шаары Детройт» (1999) жана «Жаныбарлар фабрикасы» (2000) тасмаларында жараткан. Андан соң улам камакка алуу, соттук териштирүү иштери жүргөнүнө жана ошондой эле өнөкөт каражаттарды жана алкоголдук ичимдиктерди ашыкча пайдаланганына байланыштуу анын карьерасы солгундап калган. Фөрлоң «Карга: Каардуу ибадат» (2005) тасмасында башкы ролду аткарган. 2011-жылы «Жашыл аары» тасмасында экинчи пландагы ролду жараткан.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]