Экхарт Иоганн

Википедия дан

Экхарт Иоганн, Майстер Экхарт (1260–1327) – немец философ-мистиги.

Францисканттардын талабы б-ча Э-ты 28 тезиси ал өлгөндөн кийин папа булласы тарабынан четке кагылган. Э. Фома Аквинский, Дионисий Ареопагит ж-а Иоанн Скот Эриугендин окууларына таянган ой жүгүртүү өңүтү б-ча схоласт болуу м-н ал мистикалык дүйнө таанымы б-ча өзүнөн мурунку немис мистиктерине жакын болгон. Анын көз карашы б-ча, ишеним адаттан тышкаркы кудуреттүү күч ж-дөгү билимди логикалык билимге айландырышы керек. Жан дүйнөнүн эң жогорку кубаттуу күчү акыл-эс болуп саналат, Э. аны учкун, жан дүйнөнүн сепили, synteresis (гр. – сактоо, б. а. күнөкөр болгондугуна карабастан жакшылыкка болгон табигый умтулууну сактап калуу) деп атайт. Жан дүйнөнүн эң асыл иш-аракети таанып-билүү болуп саналат, ага азыкты (материалды) сезимдер берип турат; бул материалдан «жалпы сезим» кабылдоону жаратат; ал эми кабылдоонун негизинде акыл-эс түшүнүктөрдү иштеп чыгат. Жараткандын ыктыярын эске тутууну ж-а эркти «кабылдоочу» акыл-эсти Э., Бала... Ыйык Рух ж-а Ата (Үч ыйык) м-н салыштырат.

Акыл-эстин жасаганы көкүрөктү Кудайдын кылганы болуп саналат. Жан Кудайдын ж-а жаратылган маңыздын (дененин) ортосунда турат. Кудай дегенибиз эң таза, аруу, болмуш, эң алгачкы бүтүндүк. Кудайдын маңызы идеялардан турат. Жашоонун маңызы – Кудайды таанып, Кудайга кайтууда турат; мындай мүмкүндүктү ак ниет жашоо, аскетизм (дене ырахатынын барыдгынан баш тартуу) ж-а «барыдан мурда, жакын адамдарың үчүн жакшы иштерди жасоо тартуулайт; Мында кайдыгер сырттан көз салуучулук жетишсиз. Кудайдын ырайымы аркылуу адам аны м-н мистикалык биригүүгө жетиши мүмкүн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Философия энциклопедиялык окуу куралы. - Б.:2004 ISBN 9967-14-020-8

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]