Элиден чыккан Пиррон

Википедия дан

Элиден чыккан Пиррон (Х.Т.ч. 360—270-ж.ченде) — байыркы грек философу, скептицизмдин негиз салуучусу.

Скептицизмдин башкы концепциялары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Скептицизмдин башкы концепциялары пикир айтканда ой жүгүртпөөнү жана жашоо-турмушта камырабастыкты талап кылат. Скептицизм мурдагы философтордун нерселердин, көрүнүштөрдүн агылып-өтүп турушу жөнүндө, бири-бирине карама-каршы келген жоболордун бирин тандап алууга негиздин жетишпегендиги жөнүндө айткан идеялардын негизинде келип пайда болгон. Ушул жана ушуга окшогон идеялар элейликтердин, софисттердин жана башкалардын окууларында өнүктүрүлгөн. Бирок скептицизмдин түздөн түз булагы софистика болгон деп эсептелинет.

Эпохэ принциби[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пиррон, философиянын, философиялык ой жүгүртүүнүн негизги усулу катарында «ой жүгүртүүдөн кармануу» (эпохэ) принцибин көтөрүп чыккан биринчи ойчул болгон. Скептицизмде философиянын предмети этикалык маселелер болуп саналат. Мурдагы философиянын натурфилософия, космология жана башкаларменен байланышкан проблемалары экинчи планга көчөт. Философтор бул туруксуз дүйнө кандайча себептен пайда болгондугу жөнүндө эмес, ушул туруксуз дүйнөдө кантип жашоо керектиги жөнүндө маселени көбүрөөк коюшат. Философ, философия турмушта коркунучтарга каршы күрөшүүгө жардам берүүгө, адамды ар кандай толкундоолордон бошотууга, кыйынчылыктарды жеңип чыгууга жардам берүүгө тийиш деп эсептейт. Бул мааниде алганда философ теоретик эмес, ар кандай турмуштук проблемаларга акылдуу жоопторду таап берүүгө жөндөмдүү акылман болуп чыгат.

Бакыт менен философия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пиррондун пикири боюнча, философ — бакытка умтулган адам, ал эми бакыт дегенибиз камырабай жана азап тартып, кыйналбай тынч жашоо болуп саналат. Мындай абалга жетишүү үчүн бир катар суроолорго жооп берүү керек, алар: нерселер деген эмне, биз аларга кандай мамиле жасайбыз, биздин ошол нерселерге жасаган мамилебизден кандай пайда келип чыгат деген суроолор. Пиррондун пикири боюнча, нерселер жөнүндө алар жакшы деп да, жаман деп да, тиги деп да, бу деп да эч кандай белгилүү бир пикир айтууга болбойт. Ар бир нерсе жөнүндө ар кандай пикир айтууга, а түгүл карама-каршы пикир да айтууга болот. Ошондуктан, нерселерге бир гана мамиле болууга тийиш: нерселер жөнүндө кандайдыр бир кесе айтып, ой жүгүртүүдөн кармануу керек.
Бирок, бул, Пиррон үчүн эч кандай анык нерселер болбойт дегендикке жатпайт. Конкреттүү бир адамдын сезимдик таасири скептицизмди пайда кыла албайт деп ойлойт. Эгерде адам кандайдыр бир нерсе ага ачуу же таттуу сыяктанып көрүнсө, ал дал ошондой болушу мүмкүн, бирок мындан бул чындыгында да анык нерсе деген жыйынтык чыгарууга болбойт. Дал ушул адамдын камырабастыгы келип чыгат, бул болсо эң жогорку бакыт болуп саналат.
Бирок ой жүгүртүүнүн жана турмушка карата мамиленин жогоруда баяндалган ыгы — философ иштиксиз болууга тийиш дегендикке жатпайт, жок, ал дал ушул өлкөдө башка адамдар кандай жашаса дал ошондой эле жашоого тийиш. Бирок ушул өлкөнүн жашоо-турмуш үлгүсүн ал акыйкат үлгүсү деп эсептөөгө тийиш эмес.

Скептицизм философиялык багыт катарында философиялык ойдун өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Бул мааниде алганда антик скептицизми кийинки скептицизмге салыштырганда тереңирээк мүнөздө болгондуктан чоң артыкчылыкка ээ болгон. Гегелдин айтканы боюнча, антик скептиктери акыйкатты издешкен жана алардын философиясы сезимге эмес, жалаң акылга салып ой жүгүрткөн ойломго каршы багытталган. Гегель, ошондой эле, скептицизмдин бардык нерселердин нерселер сыяктуу болуп көрүнүшү субьективдүү идеализм болуп саналбайт, анткени ал бир эле предметте карама-каршылыктын бар экенин көрсөтүү менен анын обьективдүүлүгүн баса белгилейт, а бул болсо философиянын өзүнүн мүнөздүү белгиси деп баса айткан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Л. В. Блинников.Философтордун кыскача сөздүгү. - Б.: 1997, ISBN 5-900162-16-8 Archived 2021-07-16 at the Wayback Machine