Эль-Аюн

Википедия дан

Эль-Аюн - Сахара Батыштагы ири шаар.

Сахара Араб Демокр. Республикасынын адм. борбору. Климаты тропиктик чөл. Январдын орточо температурасы 16°С, июлдуку 23°С. Жылдык жаан-чачыны 100 ммге жакын. Калкы 200 миң (2010). Аэропорту бар. Өлкөнүн соода борбору. Эль-Аюнга жакын фосфоритти сыртка чыгаруучу порт жайгашкан. Испан собору, тарых музейи, Мулай Абдель-Азиз мечити, испан фортунун чалдыбары сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4