Эльбурс тоосу

Википедия дан
Эльбурс тоосу.

Эльбурс тоосу - Ирандын түндүгүндө, Каспий деңизинин түштүк жээгинде жайгашкан.

Уз. 900 кмге жакын. Жарыш жаткан бир нече кырка тоолордон турат, басымдуу бийиктиги 2000-3500 м. Демавенд чокусунун бийиктиги 5604 м (Ирандагы эң бийик жер). Акиташ тегинен жана кумдуктардан турат. Чокулары тегиз, капталдары тик. Э. т-н Сефидруд дарыянын капчыгайы кесип өтөт. Түндүк капталдарын жазы жалбырактуу жыш токой, түштүгүн ксерофит бадалдары ээлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4