Эми Адамс

Википедия дан

Эми Лу Адамс (англ. Amy Adams;1974-жылдын 20-августунда туулган) - америкалык актриса жана ырчы. Тайм журналы актрисаны 2014-жылы "Дүйнөдөгү эң таасирдүү 100 адам" тизмесине кошкон жана ал азыркы учурдагы кирешеси эң көп актрисалардын катарын толуктайт. Э. Адамс эки жолу "Алтын глобус" сыйлыгына татыктуу болгон жана беш жолу "Оскар" сыйлыгына жана Британия кино жана телекөрсөтүү академиясынын сыйлыгына алты жолу көрсөтүлгөн.

Адамс ар түрдүү ресторандардын сахнасында ойноп, чыгармачылыгына чыйыр салган, андан кийин "Жаман сулуу" (англ. Drop Dead Gorgeous, 1999) тасмасына тартылып кинодогу тушоосу кесилген. Актриса Лос-Анджелеске көчүп баргандан кийин, ар кандай бюджети аз тасмаларга чакырылып турган. Актриса 2002-жылы Стивен Спилбергдин "Мени кармай алсаң карма" (англ. Catch Me If You Can) деген детектив трагикомедиясында роль ойногон. Адамска ийгилик жылмайган тасма 2005-жылы тартылган "Июнь коңузу" (англ. Junebug) болду. Бул фильмде жаш кош бойлуу аялдын образын ачып бергендиги үчүн "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" номинациясында "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн. 2007-жылы алгылыктуу пайда алып келген Уолт Дисней компаниясынын "Башы айланган кыз (башы тегеретилген кыз)" (англ. Enchanted) музыкалык тасмасында кан-бийкенин ролун аткарган.

Адамс "Күмөн" (англ. Doubt, 2008), "Балбан" (англ. The Fighter, 2010), "Устат" (англ. The Master, 2012) тасмаларында экинчи пландагы ролдорго тартылган. Актриса "Болот адам" (англ. Man of Steel) тасмасынде кабарчы Лоис Лейндин образын чагылдырган. Дэвид Оуэн Расселл тарткан "Америкалыкча афера" (англ. American Hustle) тасмасындагы ролу үчүн "Алтын глобус" сыйлыгына татыктуу болуп, "Эң мыкты актриса" номинациясында "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал экинчи жолу "Алтын глобус" сыйлыгын "Маргарет Кин" (англ. Big Eyes, 2014) көркөм тасмасынде сүрөтчү Маргарет Киндин ролу үчүн алган. 2016-жылы "Бэтмен Суперменге каршы: Адилеттүүлүк таңында" (англ. Batman v Superman: Dawn of Justice) тасмасында Лоистин ролун кайра аткарган. "Түнкү жаныбарлар" (англ. Nocturnal Animals) жана "Келүү" (англ. Arrival ) тасмаларында башкы ролдордун образы менен көпчүлүктүн эсинде калган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]