Эми Тан

Википедия дан
Эми Тан.

Эми Тан (англ. Amy Tan; 1952-жылы 19-февралда туулган) — америкалык жазуучу. Анын чыгармалары эне-кыз мамилелерин жана кытай тектүү америкалык болуу тажрыйбаларын изилдейт. Анын "Шаттык жана оомат клубу" (англ. The Joy Luck Club) романы 1993-жылы режиссер Уэйн Ван тарабынан тасмага ылайыкташтырылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тан "Ашкана кудайынын жубайы" (англ. The Kitchen God's Wife), "Жүз купуя сезим" (англ. The Hundred Secret Senses), "Сөөкчүнүн кызы" (англ. The Bonesetter's Daughter), "Балыкты чөгүүдөн куткаруу" (англ. Saving Fish from Drowning) жана "Керемет өрөөнү" (англ. The Valley of Amazement) сыяктуу бир катар романдарды жазган. Ошондой эле ал "Тагдырдын карама-каршысы: Ой жүгүртүү китеби" аттуу нон-фикшн дилбаяндар жыйнагын жазган. Андан тышкары Тан эки балдар китебин жазган. Алар: "Ай айым" (англ. The Moon Lady, 1992) жана "Кытай сиам мышыгы Сагва" (англ. Sagwa, the Chinese Siamese Cat, 1994). Бул чыгарма PBS каналында обого чыккан анимациялык сериалга айланган.

Эмгектери менен бир нече сыйлыктарды утуп алган болсо да Тан "расалык стереотиптер менен бурмалоолорду сактоого тиешеси бар делип, ошондой эле кытай маданий мурасы жөнүндөгү маалыматтарга шилтеме берип атканда одоно жаңылыштык кетиргени" үчүн олуттуу сынга алынган. Анын чыгармаларында кытай маданиятынын көп эле жолу терс сүрөттөлүшүнөн улам айрым жазуучулар менен окумуштуулар Танды кытай эли тууралуу Батыш божомолдору менен сокур ишенимдерине ортомчулук кылуу боюнча күнөөлөшкөн.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]