Энн Райс

Википедия дан
Энн Райс.

Энн Райс (англ. Anne Rice; туулгандагы аты Говард Аллен Фрэнсис О’Брайен, 1941-жыл 4-октябрь - 2021) — готикалык фантастика, христиан адабияты жана эротика жанрында жазган америкалык жазуучу. Ал өзүнүн "Кан ичкичтердин күндөлүгү" (англ. The Vampire Chronicles) романдар цикли менен көбүрөөк таанымал жана таасирдүү болгон болушу ыктымал. Анда окуя башкы каарман Лестаттын тегерегинде өнүгүп өсөт. "Кан ичкичтердин күндөлүгүндөгү" китептер эки тасманын тартылышына негиз болуп берген. Алар: 1994-жылдагы "Кан ичкич менен маек" (англ. Interview with the Vampire) жана 2002-жылдагы "Каргышка калгандардын ханышасы" (англ. Queen of the Damned).

Нью Орлеанста жарык дүйнөгө келген Райс Техаска жана андан киийн Сан Франциского көчүп кеткенге чейинки жашоосунун алгачкы күндөрүн ошол жерде өткөргөн. Ал католик ишенимин карманган үй-бүлөдө өскөнү менен бойго жеткенде агностик болуп калган. Ал "Кан ичкич менен маек" чыгармасын 1976-жылы чыгаруу менен өзүнүн профессионалдык карьерасын баштаган. Ал учурда Райс Калифорнияда жашап, аталган романдын уландыларын 1980-жылдары жаза баштаган. Католик ишенимине 2000-жылдардын ортосунда кайра кайтып келгенин жар салгандан кийин Райс эки романды жарыкка чыгарган. Алар: "Ыйса: Мисирден кайтуу" (англ. Lord: Out of Egypt) жана "Ыйса: Канага жол" (англ. Christ the Lord: The Road to Cana) романдарды. Чыгармаларда Райс Ыйсанын жашоосундагы белгилүү бир окуяларды көркөмдөп кайра баяндайт. Бир нече жыл өткөндөн кийин ал коомдук маселелер боюнча чиркөөнүн көз карашына макул эместигин айтып, ал эми кудайга болгон ишеними "анын жашоосунун борборунда" кала бере турганын билдирип өзүн уюшкан христианчылыктан алыстаткан. Бирок, ал азыр өзүн секулярдык гуманист деп эсептейт.

Райстын китептери дээрлик 100 миллион нуска менен сатылып, ал Американын жакынкы тарыхындагы эң таанымал жазуучулардын катарына кирген. Анын алгачкы чыгармаларына карата айтылган ой-пикирлер бир беткей болбогону менен ал 1980-жылдардагы сынчылардын жана окурмандардын арты менен таанымал болуп калган. Анын жазуу стили жана чыгармаларынын адабий мазмуну адабий баяндамачылар тарабынан терең анализделген. Ал акын жана сүрөтчү Стэн Райска турмушка чыгып, 1961-жылдан бери 41 жыл чогуу жашашкан. Жолдошу 2002-жылы мээ өсмөсүнөн 60 жаш курагында көз жумган. Ал Стэн менен эки балалуу болушкан: Мишел ак кандуулук илдетинен беш жашында каза болсо, ал эми Кристофер дагы жазуучу болуп саналат.

Кан ичкичтер романдарынан тышкары Райс "Бардык ыйыктардын майрамы" (англ. The Feast of All Saints) (2001-жылы телесериалга ылайыкташтырылган) жана "Сөөктөрдүн кызматчысы" (англ. Servant of the Bones) китептерин да жазып, алар 2011-жылдагы комикс кичисериалдарга негиз болуп берген. "Кан ичкичтердин күндөлүгүндөгү" айрым китептер ар кайсы басмакана тарабынан комикстерге ылайыкташтырылган. Райс ошондой эле "Бейиштин дарбазасы" аттуу эротикалык фантастикалык чыгарманы Энн Рэмплиң жана А. Н. Рокелор каймана аттары менен жазып, ал кийинчерээк 1994-жылы тасмага ылайыкташтырылган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]