Эрик Робертс

Википедия дан

Эрик Энтони Робертс (англ. Eric Roberts; 1956 - жылы, 18 - апрелде туулган) - америкалык актер. Ал өз карьерасын көрармандар жакшы кабыл алган "Сыгандардын падышасы" (анг. King of the Gypsies, 1978) аттуу тасмадан баштап, тасмадагы ролу үчүн алгачкы "Алтын Глобус" сыйлыгын жеңип алган. Ал эми "Жылдыз 80" (анг. Star 80, 1983) тасмасындагы Пол Снайдердин ролу үчүн экинчи "Алтын Глобус" сыйлыгына ээ болуп, "Карматкыс поезд" (анг. Runaway Train, 1985) тасмасындагы ролу үчүн "Оскар" жана "Алтын Глобус" сыйлыктарынын "Экинчи пландагы эң мыкты актер" наамына көрсөтүлгөн.

Робертс жашоосу боюнча 400 жүздөн ашуун тасмада тартылган. Алардын ичинде "Шылуун адам" (анг. Raggedy Man, 1981) ,"Гринвич айылынын Папасы" (анг. The Pope of Greenwich Village,1984) , "Адис" (анг. The Specialist, 1994) , "Акылынан адашкан Сесил Б." (анг. Cecil B. Demented, 2000) , "Улуттук коопсуздук" (анг. National Security, 2003) , "Кара рыцарь" (анг. The Dark Knight, 2008) , "Карматкыстар" (анг. The Expendables, 2010) жана "Мураскер" (анг. Inherent Vice, 2014) аттуу тасмалар бар. Ал ошондой эле үч сезонду камтыган "Мыктыдан азыраак" аттуу телекөрсөтүүдө, CBSтеги "Баатырлар" (анг. Heroes) аттуу драмада жана "Тынымсыз" (анг. Restless) аттуу сериалда, "Жарык аркылуу сакталган"(анг. Saved by the Light) жана "Костюмдар" (анг. Suits) аттуу драмаларда роль жараткан.

Анын карындаштары Жулия Робертс менен Лиза Робертс Жиллан, ошондой эле кызы Эмма Робертс да актерлук кесипти аркалашууда.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жеке жашоосу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылган тасмалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]