Эркин жана ачык булак программалар

Википедия дан

Эркин жана ачык булак программалар (англ. Free and open-source software, FOSS) — эркин дагы, ачык булак дагы программалар деп классификацияланган копмүтер программалык камсыздоосу. Бул ким кааласа программаны каалагандай ээн-эркин колдонууга, көчүрүүгө, окуп-изилдөөгө жана өзгөртүүгө укук берет. Ал эми программалык камсыздоонун дизайнын жакшыртууга ыктыярдуу түрдө адамдардын кол кабыш кылышы үчүн булак коду ачык эле бөлүштүрүлөт. Бул программалык камсыздоо автордук укугу чектелген жана булак коду көбүнесе колдонуучулардан жашырылган проприетардык программадан айырмаланып турат.

FOSS'ту колдонуунун пайдасына программалык камсыздоолордун бааларынын төмөндөшү, коопсуздуктун жана туруктуулуктун өсүшү (өзгөчө зыяндуу программаларга байланыштуу), купуя маалыматтарды коргоо, ошондой эле колдонуучуларга өз жабдыгын көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүн берүү кирет. Linux жана BSD урпактары сыяктуу эркин, ачык булак операциондук системалар миллиондогон серверлерге, иш такталарга, смартфондорго (мисалы, Android) жана башка түзмөктөргө күч берип, бүгүнкү күндө кеңири пайдаланылып келет. Эркин программалык камсыздоо лицензиялары жана ачык булак лицензиялары көптөгөн программалык пакеттер тарабынан пайдаланылат. Ачык булак программа кыймылы — FOSS'ту кеңири өндүрүүнүн жана өздөштүрүүнүн артында турган онлайн коомдук кыймыл.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]