Эхо Москвы

Википедия дан

"Эхо Москвы" – Орусиянын күнү-түнү жаңыруучу маалматтык-оозеки радиостанциясы. "Эхо" эфирге эң алгачкы жолу 1990-жылы 22-августта "Радио-М" деген ат менен Москвада 1206 кГц (СВ) жыштыгында чыккан.

1991-жылдын 19-21-августтарындагы окуялар учурунда таанымал болгон: "Эхо" ГКЧПга каршы чыккан аз сандагы радиостанциялардын бири болгон. ГКЧПнын радиостанциялардын ишин токтотуу боюнча №3 токтомун "Эхонун" жетекчилиги азыр мартабалуу мамлекеттик сыйлык катары баалайт. Башкы редактору Алексей Венедиктовдун айтымына караганда атайын кызматтар бир нече жолу радиостанцияны эфирден өчүрүүгө аракет кылышкан, бирок радионун кызматкерлери студияны телефон линиясы аркылуу берүүчүгө кошуп, радио берүүнү уланта алышкан. "Эхо Москвы" түзүлгөн күндөн бери бир эрежени карманат: "Окуя тууралуу бардык маанилүү көз караштар айтылууга тийиш". Журналисттер "Эхо Москвыны" тамашалап, "Ухо Москвы" (Кырг. Москва кулагы) деп, кээлери кер какшык менен "Йеху Москвы" деп аташат.

Радиостанциянын Москвадагы апталык аудиториясы 2,2 млн кишиге чукул, жалпы Орусиянын башка аймактарында болсо, 7 млн кишинин тегерегинде. "Медиалогиянын" 2012-жылдын апрел айы боюнча маалыматтарына ылайык, "Эхо Москвы" эң көп алындыланган (цитаталанган) радиостанция болуп саналат. Бул боюнча бир канча гана гезиттен артта калып, бирок бардык ТВ каналдарды жана журналдарды ашып өткөн. "Комкондун" 2012-жылдын март айы боюнча ырасташынча, "Эхо Москвы" күнүмдүк аудиториянын саны жагынан "Авторадио" жана "Русское радиону" артта калтырып, эң популярдуу радиостанция болуп эсептелет. TNS Globalдын 2012-жылдын февраль-апрель аралыгындагы маалыматтарына ылайык, "Эхо Москвы" "Радио России" жана "Радио Шансонду" ашып өтүп, кайра эле сап башында орун алган. Сайтынын Орусиядагы аудиториясы 2, 918 млн киши (орусиялык колдонуучулардын 8.6%ы), Москвадагы аудиториясы болсо, 898 миң киши (15,3 %).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]