Янн Мартел

Википедия дан
Янн Мартел (2007-жылд).

Янн Мартел (англ. Yann Martel; 1963-жылдын 25-июнунда туулган) — Испанияда туулган канадалык жазуучу. Ал эл аралык номур биринчи бестселлер, 50дөн ашуун мамлекетте басылып чыгарылган жана ошондой эле Букер сыйлыгына татыган "Пинин жашоосу" (англ. Life of Pi) романы менен таанылган. Ал дүйнө жүзү боюнча 12 миллиондон ашуун нуска менен сатылып, New York Times, The Globe and Mail жана башка көптөгөн бестселлер тизмелеринен бир жылдан ашуун убакытка чейин түшкөн эмес. Ал экрандаштырылып, ага Эң Ли режиссерлук кылган жана төрт "Оскар" сыйлыгын (салтанаттагы эң көп) жыйнап кеткен, анын ичинде "Эң мыкты режиссер" сыйлыгы дагы бар. Ал "Алтын глобустун" "Эң мыкты сценарий" сыйлыгын да уткан.

Ошондой эле Мартел "Португалиянын бийик тоолору" (англ. The High Mountains of Portugal), "Беатрис жана Виргил" (англ. Beatrice and Virgil), "Өзүм" (англ. Self) романдарынын, "Хелсинкидеги Роккаматиолордун чыныгы окуялары" (англ. The Facts Behind the Helsinki Roccamatios) аңгемелер жыйнагынын жана Канаданын премьер-министрине жазган "Премьер-министрге 101 кат" (англ. 101 Letters to a Prime Minister) каттар жыйнагынын автору. Ал бир нече адабий сыйлыктарды, анын ичинде 2001-жылдагы "Хү Макленнандын" көркөм чыгарма сыйлыгын жана адабият жаатындагы "Азия/Тынч океан Америка сыйлыгын" утуп алган.

Ал Саскачевандын Саскатун жергесинде жазуучу Элис Куиперс жана төрт баласы менен жашайт.

Эне тили французча болсо да Янн Мартел англис тилинде жазат: "Англис тили — бул жашоомдогу кылдат нерселерди айтыш үчүн эң жакшы тил. Бирок француз тили жүрөгүмө эң жакын тил экенин да айтышым керек. Ошол эле себептен улам англис тили мага жазыш үчүн жетишээрлик аралыкты берет."

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]