Ярослав Домбровский

Википедия дан

Домбровский Ярослав (13.11.1836, Житомир - 23. 5.1871, Париж) - поляк революционери, Париж Коммунасынын (1871) аскер ишмерлеринин бири.

1855-жылдан падыша армиясында кызмат өтөгөн. 1859- 61-ж. Петербургда Генштаб академиясында окуган. 3. Сераковский менен бирдикте революциячыл офицерлер ийримин башкарып, Польша көтөрүлүшүн (1863-64) даярдоодо чоң роль ойногон. Польша Королдугуна кызмат өтөөгө жиберилип, анда көтөрүлүш жетекчилеринин составына кирген жана көтөрүлүш уюмунун («кызылдар» партиясынын) сол тарабын башкарган, аскер-революциячыл уюмдун - Польшадагы Орус офицерлеринин комитетинин жетекчилеринин бири болгон.

Көтөрүлүштүн орус жана поляк революционерлеринин биргелешип аракеттенүүсүнө негизделген планын иштеп чыккан. 1862-ж. 2(14)-августта Варшавада камакка алынган. 1864-ж. 15 жылга сүргүнгө айдалган. Москвадагы түрмөдөн качып, орус революционерлеринин жардамы менен Францияга кеткен жана ал жерде поляк демократиялык эмигранттарынын жетекчилеринен болгон. Париж Коммунасына адегенде фронттун жооптуу участкаларынын командири, андан соң бардык куралдуу күчтөрдүн башкы командачысы болуп катышкан.

Коммунанын таланттуу жана эр жүрок генералы Домбровский версалдыктар менен салгылашууда курман болгон.

Дольмен (бретончо tol - стол, men-таш) - байыркы көрүстөндүн аталышы; мегалиттик жасалга (к. Мегалит маданияты).

Архитектуралык казууда табылган. Анын түзүлүшү: тикесинен коюлган таш блоктордун үстү таш плита менен жабылган. Ага бир нече өлүк курал-жарагы, жасалгалары менен коюлган. Д. Европа, Азия жана Африканын дениз кылаасындагы аймактарда коло жана темпр доорунда салынганы архитектуралык казууда аныкталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.