Аккредитациялоо

Википедия дан

Аккредитациялоо (лат. асcredere – ишеним көрсөтүү) – 1) эл аралык укукта дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчысы болуу менен, башка бир мамлекетте өз өлкөсүнүн өкүлү болуу. Бул ыйгарым укукту алуу өз ичине кабыл алып жаткан мамлекеттин (эларалык уюмдун) тийешелүү уюмуна, же ырасмий адамына өзүнө ушундай укук берилгенин күбөлөгөн документти тапшыруу актысын камтыйт;
2) улуттук укуктагы мамлекеттик органдар тарабынан ар кыл субъектердин (билим берүү, медицина мекемелеринин, илимий уюмдардын, коммерциялык банктардын ж. б.) өзгөчө укуктарын таануу каадасы. Мисалы, билим берүү мекемесин аккредитациялоо – анын мамлекеттик статусун (тибин жана түрүн) белгилөө, бышыктоо.[1]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7