Антропометрия

Википедия дан

Апропометрия —(от греч. Ανθρωπος — адам жана μετρεω — ченөө) адам денесинин морфологиялык өзгөчөлүгүн баалоо методдору менен ыкмаларынын жыйындысы.

Антропометрия сырткы формасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ага бойду, салмакты, дененин сырткы формасын (баш, көкүрөк, моюн, далы, каруу, сан, шыйрак курчамы), ошондой эле бир катар функциялык көрсөткүчтөрдү (өпкөнүн тиричилик көлөмү, булчуң күчү жана башка) өлчөө кирет. Мында өлчөө (сандар менен белгилөө) жана сыпаттап жазуу (мисалы, көздүн түсү, көкүрөктүн, курсактын формасы жана башка) колдонулат.

Антропометрия медицинада[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антропометрия медицинада, негизинен дененин өсүшүн үйрөнүүдө кеңири колдонулат. Айрыкча балдардын өсүшүн текшерүүдө антропометрия өзгөчө мааниге ээ, анткени ал организмдин өсүүсүнүн жана калыптанышынын көрсөткүчү болот.Бир жашка чейинки баланын бою, салмагы, баш, көкүрөк курчамы жана башка ай сайын, мектепке чейинки балдардыкы жылына кеминде 2 жолу, окуучулардыкы жыл сайын өлчөнүп турат. Мындай текшерүүлөр балдардын өсүү жана өөрчүшүндө болгон бузулууларды өз убагында табууга мүмкүндүк берет.

Антропометрия диспансерлөөдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антропометрия диспансерлөөдө, армиянын катарына чакырылгандарды, спортсмендерди медициналык текшерүү жүргүзүүдө пайдаланылат. Ошондой эле антропометриялык маалыматтар өнөр жайларда кийим, бут кийим, мебелдердин өлчөмүнүн стандарттарын иштеп чыгууда жана азыркы убактагы жумушчу орундарды долбоорлоо жана жабдуу үчүн колдонулат.

Антропометрия криминалистикада жана сот медицинасында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Антропометрия криминалистикада жана сот медицинасында чоң мааниге ээ. Антропометрияда так далилдерди алуу үчүн ченөөлөр эртең менен кийимсиз денеде жүргүзүлөт. Бой (дененин узундугу) кадимки бой ченегич, дене салмагы медициналык тараза, көкүрөк, курсак курчамы сантиметрдик тасма менен ченелет. Өпкөнүн тиричилик көлөмүн аныктоо спирометр менен өлчөнөт. Булчуңдардын күчү пружиналуу динамометр менен аныкталат, ошондой эле Кишинин салмагы, Кишинин бою. .

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8