Балмуздак

Википедия дан
Балмуздак

Балмуздак - сергиткич десерт тамак-аш. Ал жагымдуу даамы менен катар жогору калориялуу, жеңил сиңимдүү; балмуздактын көп түрүндө организмге керек белок, май, углевод, минерал туздар жана витаминдер бар. балмуздактын негизги сырьёсу сүт продуктулары, кант, жаңы үзүлгөн же тоңдурулган жер-жемиштер, кыям, шоколад, жаңгак, бадам, цукат, жумуртка, стабилизаторлор (агар), жыт бергич заттар ж. б. Сырьёдон белгилүү өлчөмдө аралашма даярдалат, ал пастерленет, гомогенделет; «Жумшак» балмуздак идишке салынат же атайын кагаздарга оролуп, формага келтирилет да, муздаткыч камерада сакталат[1].

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4
  1. Рецепт даярдоо үчүн балмуздак