Дамба

Википедия дан

Дамба (голланд тилинен dam) - сууну бөгөө же агымын өзгөртүү үчүн дарыя нугунда, жайылмасында, канал, суу сактагычтарда узата кырдалып жасалган гидротехникалык курулма. Ири дарыя өрөөнүндөгү түздүктү жана деңиз жээгин суу каптоодон коргоочу дамба; суу түйүндөрүнүн курулмаларын жээк менен бириктирүүчү байланыштырма дамба; дарыя нугун жөнгө салуучу дамба болуп айырмаланат. Дамба жергиликтүү материалдардан, көбүнчө таш, топурактан тургузулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: энциклопедия