Шаманчылык

Википедия дан

Шаманчылык - (эвенк. шаман, саман – делөөрүгөн адам) – диндин эң байыркы формаларынын бири. Шаманчылык камлания (эмдөө-домдооырларын ырдоо жана даб же жаргак менен капталган тегерек музыка инструментин койгулоо менен коштолуп, адамды делөөрүгөн экстаз абалга алып келген ырым-жырым) учурунда шамандын же бүбү-бакшынын көзгө көрүнбөгөн рухтар менен мамиле түзүүсүнө байланышкан ишенимге негизделген. Ошондуктан, шаманчылыкта адамдар менен рухтар дүйнөсүнүн ортосунда далдалчылык кызматты шаман аткарган. Шаманчылыклык Африканын, Түндүк жана Чыгыш Азиянын элдеринде, Американын индеец урууларынын арасында кеңири таралган. Шаманчылыктын негизги функциясы – дарт-дабалуу адамдарды «дарылоо». Шамандар камлания учурунда жеке адамдардын жанынын кожоюну болуп эсептелген рухтардан адамды дартка чалдыктырган оору-сыркоону кубалоону, тумарларга жандуу күч берүүнү, төлгө тартууну, баласыздарга бала тартуулоону, малдын төлүнүн амандыгын, түшүмдүн мол болушун жана башка суранышкан; жин-шайтандар, албарстылар сыяктуу терс күчтөр менен кармашышкан; кожоюн рухтардан өзүнүн каалоо-тилегин ишке ашырып коюуну өтүнүшкөн, рухтардын атын атоо менен көзү ачыктык кылышкан; түлөө, курмандыкка чалуу сыяк-туу магиялык иш-аракеттердин жардамы аркасында рухтардан оорулуу адамдын жанын, жаңы төрөлгөн наристенин күчүн, ийгиликтүү аңчылыкты сурап алышкан. Шаманчылык палеолит доорунда пайда болгон. Байыркы адамдар өздөрүнүн өлгөн тууган-туушкандарынан коркушкан жана аларды сыйлашкан. Алардын пикири боюнча өлгөн адамдын жаныдагы деле болсо жашай берген. Ошол себептен алар арбактарды тамак-аш менен камсыз кылышкан, алар менен кошо жаныбарларды көмүшкөн, өлгөн адам үшүбөсүн үчүн сөөктү очоктон алыс эмес жерге көмүшкөн жана башка ушундай сыяктуу магиялык иштерди жасашкан. Аска бетиндеги сүрөттөрдө ийгиликтүү аңчылыкты шарттаган ырым-жырым бийлери сакталып калган. Бул сүрөттөрдө жаныбарлар сыяктанып кийинген шамандар өзгөчөлөнүп турат. Байыркы адамдар шамандардын образы аркылуу адамдын өмүрү менен өлү-мүн, жаны менен денесин терең түшүнүүгө аракет кылышкан.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • А.А. Асанканов, Кыргыз тарыхы: Энциклопедия, Бишкек, 2003 ISBN 5-89750-150-5