Кыргыз Республикасынын Көркөм өнөр академиясы

Википедия дан

Кыргыз Республикасынын Корком өнөр акдемиясы 1996-жылы түзүлгөн С.А.Чуйков атнындагы көркөм өнөр окуу жайы, Жогорку көркөм өнөр колледжинин базасында уюшулган. Академиядагы көркөм өнөргө окутуунун баштапкы звеносу болуп сүрөт искусствосу боюнча билим берүүчү 4 жылдык көркөм өнөр мектеби эсептелет. Экинчи баскыч – бул бүтүрүүчүлөргө көркөм өнөрчүлүк атайын орто билим берүүчү 5 факультети бар окуу жайы. Таланттуу бүтүрүүчүлөр үчүн аспирантурада окууга мүмкүнчүлүк берилген. Академиянын президенти болуп анын негиздөөчүсү, СССРдин эл сүрөтчүсү, Кыргыз Эл Баатыры, Социалисстик Эмгектин Баатыры, академик, профессор Т.С.Садыков эмгектенет.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

“Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия” Бишкек 2003.
“Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору”
“И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик Педагогикалык университети”
“Башкы ред. Ү.А.Асанов, жооптуу ред. А.А. Асанков”.
“Ред кеңеш: Ө.Ж.Осмонов (төрага) Т.Н Өмүрбеков”

Интернеттик шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]