Карсавин Лев Платонович

Википедия дан

Карсавин Лев Платонович (1882—1952) — орус философу. Балет артистинин үй-бүлөсүндө туулган, бүткүл дүйнөгө белгилүү балерина Тамара Карсавина анын карындашы болгон. Петербург университетин бүтүргөн. 1922-жылы Совет өкмөтү тарабынан интеллигенциянын башка өкүлдөрү менен бирге Россиядан куулуп жиберилет. 1946- жылга чейин Вильнюста профессор болуп иштейт.

Карсавиндин негизги эмгектери төмөнкүлөр: «Орто кылымдардын маданияты» (1914), «Тарыхка кириш сөз» (1920), «Чыгыш, Батыш жана орус идеясы» (1922), «Тарых философиясы» (1923), «Негиз жөнүндө» (1925), «Инсан (личность) жөнүндө» жана башка.

Карсавин философиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүнүн философиясын Карсавин абсолют концепциясынын негизинде түзөт, муну ал жалпы бир бүтүндүк (всеединство) деп түшүнөт жана бул жагынан ал Вл.Соловьевдун жолун жолдойт. Карсавин мындай деп жазат: «абсолюттук — ар кандай ойдон жогору турат, биздин салыштырмалуулук (относительности) жөнүндөгү, салыштырмалуулукка зарыл түрдө карама-каршы турат деп болжолдогон салыштырмалуулук жөнүндөгү түшүнүгүбүздөн жогору турат» [Тарых философиясы. 351-6.].

Карсавин жалпыбирбүтүндүктүн төрт маанисин айрымалап көрсөтөт: «1) теңирлик абсолюттук өркүндөгөн жалпыбирбүтүндүк; 2) өркүндөгөн же теңирлешкен (абсолютташкан) макулуктук (тварное) жалпыбирбүтүндүк, Кудайдан мунун айырмасы: бул жалпыбирбүтүндүк бар болуп турган жерде Кудай жок, ал өзү Кудайга айланган «жок нерсе» («ничто»); 3) ишке ашып бүткөн же жетилген макулуктук жалпыбирбүтүндүк, бул идеал катарында өзүн өркүндөтүүгө же абсолюттук чекке жана ал аркылуу Кудай менен куюлушуп кошулууга — Кудай болууга умтулат жана ошол кошулуу аркылуу Кудайга сиңип, жок болуп кетет; 4) калыптанып ишке аша элек макулуктук жалпыбирбүтүндүк, башкача айткандасалыштырмалуу көптүкбирбүтүндүк (многоединство), өзүнүн калыптанып ишке ашуусу аркылуу өркүндөп жаткан жалпыбирбүтүндүк же жалпыбирбүтүндүктүн чектелүү турган учуру».

Диний метафизикасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүнүн диний метафизикасында Карсавин дүйнөнүн жаратылгандыгы жөнүндөгү маселени карап, өзүнүн позициясы теизмден жана пантеизмден айырмаланат деп эсептейт. Анын пикири боюнча Кудай дүйнөнү жоктон бар кылып жараткан, бирок бул жаратылган бирнеме (нечто) ошол жок нерсенин (ничто) өзүнөн айырмаланат дегендикке жатпайт.

Карсавин дүйнөнүн жаратылгандыгы жөнүндөгү өз системасын «Түп-негиздер жөнүндө» деген китебинде өнүктүрөт. Ал мындай деп жазат: дүйнөнү жаратуу — бул теофания, башкача айткандаКудайдын бирнемеге (в нечто), баарынан мурда, адамга айланып көрүнүшү. Адам — бул макулук, ал Кудай тарабынан «жоктон» жаратылган. «Кудайдын Мени жоктон бар кылып жаратканы ошону менен эле бирге эркин түрдө өзүмдү өзүм жаратканым болуп саналат».

Касавин кудай тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошентип, Карсавиндин оюна ылайык, бардык жаратылган нерселер — бул Кудайдын ачылып көрүнүшү, мындан кийин Кудай өзү жараткандардан бөлүнөт да жердеги бардык жашап бар болуп турган нерселерге мазмун киргизет. «Биздеги ачуулануу, көз артуу, жек көрүү сыяктуу сапаттар теңирлик нерселер; ырахаттануу гана эмес, азап чегүү да теңирлик. Антпесе, Кудай жалпыбирбүтүндүк боло албас эле да, анда башка бир жамандыктын Кудайы бар болор эле, бул сандырак, ыплас божомолдоочулук болуп саналат». Ошентип, Карсавиндин системасынын негизинде жалпыбирбүтүндүк принциби жатат, ал жалпыбирбүтүндүк Кудай, ал эми макулук болсо «жок нерсе» (ничто)».

Муну менен бирге Карсавин теңирлик реалдуулуктан жана жаратылган бытиенин чөйрөсүнөн үч бирбүтүндүктү ачып көрсөтөт, бул үч бирбүтүндүк акыйкат, сүйүү, жалпы жыргалчылык түрүндө көрүнөт.
Жалпыбирбүтүндүк Карсавин үчүн — аныкталбастык катарындагы, аныкталуучулук катарындагы жана ушул кайчылыктарды кошуу катарындагы карама-каршылыктардын биримдиги болуп саналат.

Инсан проблемасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Карсавин ошондой эле инсан проблемасын да карап чыгат. Карсавин үчүн инсан баарынан мурда «көп кырдуу жана орду толгус, өзүнчө бир жападан жалгыз, белгилүү бир конкреттүү-руханий, денелик-руханий маңыз» катарында көрүнөт. Инсан «бүт бойдон руханийликтен, бүт бойдон денеден турат, ал эми көптүк болсо дене жаратылышында көрүнөт». Карсавиндин ою боюнча инсан принциби аныкталбайт, ал усия катарында белгилүү бир түпкү бирбүтүндүк Кудай-атага, өзүнчө бөлүнүүчү Кудай-уулга жана өзүнөн өзү кошулуучу бирбүтүндүк — Ыйык Рухка карата алганда кандайдыр бир маңыз катарында көрүнүп ачылат.

Теодицей проблемасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Теодицей проблемасын чечүүдө Карсавин жамандыкты теофанинин толук эмес көрүнүшү катарында карайт. Ошондуктан өркүндөөгө алып баруучу жол кайдагы бир жок жамандыкка каршы күрөшүүдө эмес, биздин Кудайга болгон сүйүүбүздүн тереңдигинде жана Кудай менен биргелигибизде жатат» [Инсан жөнүндө. 68-6.]. «Чабалдыкты жеңип чыгууда эч кандай жамандык жок» [69-6.]. «Жакшылыкты гана таанып-билгиле, анткени жамандык дегенибиз жок нерсе» [75-6.]. «Мүмкүн сизге чабалды күч колдонуу менен коргоп калуу, кылмышкерди өлтүрүү аркылуу бирөөнүн өмүрүн өлүмдөн сактап калуу үлүшү тиер» [70-6.]. «Бирөөнү өлтүрүү адилеттүүлүк болгон учурлар бар, адилеттүү согуш да болот» [72-6.].

Карсавин өзүнүн тело жөнүндөгү теориясын өнүктүрөт. Тело дегенибиз — бул көптүк, ал «Мен» аныктыгы (определенностью) менен шартталган. Бул аныктык «менин теломду башка бирөөлөрдүн телосу менен, ал телолордун тышкы салыштырмалуу ээлеп турган абалы же алар менен болгон карым катнаш аркылуу эмес, алардын өз ара бири-бирине куюлушуп, бири-бирине сызылып өтүшү аркылуу карым катышта болууга алып келет. Менин телом менин теломо карата алганда тышта турган телону камтып турат, ал эми менден тышкы тело мени камтып турат. Мен тааныган, эсте сактаган же а түгүл кыялдагы бардык нерселер менен телом, бирок ал ошол эле убакта менин гана телом эмес, ал мен үчүн тышкы да тело болуп саналат» [128- 6.].

«Тарых философиясы» эмгеги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

«Тарых философиясы» деген эмгегинде Карсавин тарых бытиеси жөнүндөгү өз идеясын өнүктүрөт. Ал «тарых ойломунун эң бийик максаты бүткүл космосту, бүткүл жаратылган бирбүтүндүктү бирдиктүү өнүгүп жаткан субьект катарында аңдап-түшүнүү» [77-6.] деп эсептейт. Мындай учурда тарых адамзаттын бүткүл мейкиндикке жана бүткүл мезгилге тиешелүү болгон бирдиктүү субьект катарында» [75-6.] өнүгүшү түрүндө чыгат.

Анын пикири боюнча тарыхый бытие субьектилерден турат, бул субьектилер бири-бирине куюлушуп өтүп турат, ошону менен эле бирге алар эркин өнүгө алышат, анткени ар кандай субьектиде түйүлдүк түрүндө бардык мазмун камтылып турат. Тарыхый өнүгүү себептүүлүк концепциясына баш ийбейт, анткени себептүүлүк — бул сырткы таасирдин көрүнүшү болуп саналат, ал эми өнүгүү болсо бүтүндү сырттан бир нерсе менен толуктоо аркылуу эмес, ошол «бүтүндүн» ичкерисинде болуп жаткан сапаттык диалектикалык өзгөрүү аркылуу жүрөт. Мисалы эки элдин өз өнүгүшүнүн жүрүшүндө бири-бирине тийгизген таасири алар ошол эки элди өзүнө камтып турган эң жогорку субьекттин аспектилерин түзгөндүгүнөн улам болуп турат.

Карсавин жаратылыштын социалдык турмушка тийгизген таасирин өзгөчө баса белгилейт. Бул таасир тышкы таасир эмес дейт ал. Жаратылыштын таасири ал жаратылыш жашап турган бардык материалдык элементтердей эле аң-сезимде чагылышып тургандыктан жана ал социалдык-психикалык элементке айлангандыктан жана ал интеллекттин бир бөлүгүн түзгөндүктөн улам тийип турат.

Карсавин үчүн адамзаттын тарыхы «жер үстүндөгү христиан чиркөөсүнүн эмпирикалык калыптанышы жана анын өлүп жок болушунун» [214-6.] тарыхы болуп саналат. Ушундан келип Карсавин тарых илими диний мүнөзгө ээ болуш керек жана ал православиялык тарых болуу керек деген корутунду чыгарат. Чиркөө Христостун денеси болуп саналат, ал эми мамлекет болсо күнөөгө баткан дүйнөнүн зарыл уюму катарында чыгат. Чиркөөнүн акыйкаттарына жана идеалына умтулган мамлекет христиан мамлекети болуп саналат. Чиркөө жана мамлекет, Карсавиндин пикири боюнча, биригүүгө тийиш, бирок мамлекет менен чиркөөнүн ишмердигинин чектерин аныктоо керек. Чиркөөнүн милдети мамлекетти колдоо, жамандыкты айыптоо жана жакшылыкты колдоо, ал эми мамлекеттин милдети чиркөөнү анын өзүнүн тарбиялык, миссионердик жана башка иштеринде көз каранды эместигин камсыз кылуу. Бирок чиркөө мамлекетти еретиктерди куугунтуктоого пайдаланбоого тийиш.

Орус идеясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүк орус философторундай эле Карсавин «Чыгыш, Батыш Жана орус идеясы» деген эмгегинде орус рухунун мүнөздүү белгилерин карап чыгат. Ал, орус элинин олуттуу өзгөчөлүгү анын динчилдигинде, ошол эле убакта ал рух күжүрмөн атеизмди да өзүндө камтып турат. Орус ойломун ошондой эле эмпиризмге жана рационализмге каршы күрөш да жана жалпы эле метафизикалык проблемаларга кызыгуу мүнөздөп турат. Чиркөө менен мамлекеттин камыр-жумур болуп сиңишип турушу — орус идеалы дал ушул. Орус православиеси пассивдүү жана ишкер эмес. Орустар абсолютту кыялдын туманы аркылуу байкап-баамдашат,— деп жазат Карсавин. Орустар кайсы бир абсолютка жетүү үчүн аракеттенишет. Эгерде орус абсолюттук идеалдан күмөн санап калган болсо, анда ал бардыгына, а түгүл оройлуктарга да кайдыгер карап калышат, ал «мыйзамга кыңк этпей баш ийүүчүлүктөн өтө ашынган козголоңго чейин барууга жөндөмдүү»

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]