Лосский, Николай Онуфриевич

Википедия дан
Лосский, Николай Онуфриевич

Лосский Николай Онуфриевич (1870—1965) — орус философу, интуитивизм жана персонализм идеяларын билдирүүчү. Санкт-Петербург университетин (тарых-филология жана табият факультеттерин) бүтүрөт, кийинчерээк ошол эле университетте философиядан сабак берет. 1922-жылы совет өкмөтү тарабынан Россиядан айдалып жиберилет. 1942-жылга чейин Прагада, андан кийин Братиславада жашап турат. Кийин АКШга келип, Нью-Йорктогу Орус диний академиясында философия профессору болуп иштейт.

Негизги чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Лосскийдин негизги чыгармалары төмөнкүлөр: «Волюнтаризмдин көз карашынан алганда психологиянын негизги окуулары» (1903), «Интуитивизмди негиздөө» (1906), «Дүйнө органикалык бир бүтүндүк катарында» (1917) «Эрктин эркиндиги» (1927), «Сезимдик, интеллектуалдык жана мистикалык интуиция» (1938), «Абсолюттук жакшылыктын шарты» (1944).

Интуитивизм[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интуитивизмди Лосский төмөнкүчө түшүнөт: «таанылып-аңдалган обьект эгерде ал тышкы дүйнөнүн бир бөлүгүн түзүп турса да, таанып-биле турган субьектинин аң-сезими аркылуу түздөн-түз инсанга кошулат жана ошондуктан таанымдын актысынан эркин жашап турган обьект катарында түшүнүлөт. Башка маңыздарды да алар өзү менен өзү тургандай кандай болсо ошондой абалында баамдап-байкоонун ушул сыяктуу түрү мүмкүн болуучу нерсе, анткени дүйнө дегенибиз бул недир бир органикалык бирбүтүндүк, ал эми таанып-билүүчү субьект, индивидуалдык адамдык Мен — бүткүл дүйнө менен тыкыс байланышкан, недир бир убакытка да, мейкиндикке да сыйышпаган бытие».

Лосский субьектинин дүйнөдөгү бүт бардык маңыздарга карата болгон мамилесин, мында интуиция да болушу мүмкүн, гносеологиялык координация деп атайт. Кабылдоонун координациялык теориясын иштеп чыгууда Лосскийдин сиңирген эмгеги бар, бул теорияда кабылдоодогу физиологиялык процесстердин чоң роль ойной тургандыгы баса көрсөтүлөт. Бул теорияга ылайык, белгилүү бир сезим органынын козгоо жана бул учурда баш мээнин кабыгында болуп өтүүчү физиологиялык процесс,— бул кабылдоону пайда кылуучу себептин өзү эмес, таанып-билүүчү субьектини өзүнүн көңүлүн тышкы дүйнөнүн обьектисине бурууга козгоочу стимул гана.

Объектинин тарабы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Реалдуу тышкы обьектилер өтө ар түрдүү бай мазмунга ээ, бирок биз обьектинин бул тарабын эң эле аз таанып-билебиз, анткени биз өзүбүздү кызыктырган нерселерди гана таанып-билебиз. Обьектинин биздин кабылдообузга кирбеген калган бардык тараптары субьект менен инстинкт аркылуу байланышып турат. Дал ошондуктан эки башка киши бир эле обьектини ар түрдүү кабыл алат, анткени мазмунду инстинкттегилерден аң-сезимге өткөрүп тандап алуу ар түрдүү адамдарда ар башкача ишке ашат.

Дүйно жөнүндөгү концепциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өзүнүн айлана-чөйрөдөгү дүйнө жөнүндөгү концепциясын Лосский идеалдуу реализм деп атайт, анткени, ал идеалдуу жана реалдуу бытиенин ортосуна айырмачылыкты киргизет. Идеалдуу бытие дегенибизге мейкиндик жана убакыт мүнөзүнө ээ болбогондордун баары кирет. Идеалдуу бытие жалпы түшүнүктөрдү камтыйт, алар: мамиле, мамилелер жана сандык формалар. Реалдуу бытие идеалдуу бытиенин негизинде гана пайда бөлөт. Мындан башка да Лосский металогикалык бытие түшүнүгүн киргизет, металогикалык бытие дегенибиз бирдейлик, карама-каршылык жана чыгарылып салынган үчүнчү жак мыйзамдарына баш ийбейт: бул Кудай бытиеси деген туюнтманы билдирет.

Бытие жана тааным[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Идеалдуу бытие, Лосскийдин пикирине ылайык, интеллектуалдык интуиция (абстракция) аркылуу, реалдуу бытие — сезим интуициясы аркылуу, ал эми металогикалык бытие — мистикалык интуиция аркылуу таанылып-билинет.

Тааным, Лосскийдин пикирине ылайык, убакыттан тыш, мейкиндиктен тыш турган, субстанция болуп эсептелген ишкер, субьект, адамдык Мен тарабынан ишке ашырылат. Лосский муну субстанциалдык ишмер деп атайт. Бул субстанциалдык ишмерлер таанымды гана ишке ашырбастан, ошондой эле бардык окуяларды, башкача айткандабардык идеалдуу бытиени жаратат. Убакыттын гана чегинде өтө турган окуялар психикалык процесстер болуп эсептелет, ал эми убакыт чегинде да жана мейкиндик чегинде да өтө турган окуялар — телолук реалдуулук болуп эсептелет. Тартылуу жана түртүлүү процессине катыша турган окуялар материялык телолук нерселер деп аталат.

Ошентип, субстанциялык ишмерлердин иш-аракеттери ар түрдүү формаларда көрүнүшү мүмкүн экен. Материялык телолук нерселер — бул, ишмердин эң эле жөнөкөй көрүнүшү, субьектинин иш-аракетинин бир кыйла жогорку тепкичинде эми ал психикалык процесстерди, өткөн чактын жана келер чактын идеялары, ошондой эле баалуулуктардын эмоционалдык ой-санаалары (с эмоциональным переживанием ценностей) менен байланышкан умтулууларды жана күч-аракеттерди түзөт.

Субстанциялык ишмер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Субстанциялык ишмер — бул дайымкы реалдуу инсан (личность), кээ бир учурларда ал эң болбоду дегенде потенциалдуу инсан. Реалдуу инсан деп жетишерлик түрдө өнүгүп-өскөн абсолюттук баалуулуктарды түшүнүп-биле ала турган жана аларга өзүнүн жүрүм-туруму аркылуу жетишүүгө умтулган инсан эсептелинет. Персоналдуу мамиле дегенибиз мына ушунда турат, ошондуктан Лосскийдин окуусун персонализм деп атоого болот. Лосскийдин персонализминин озүнө мүнөздүү белгилери бар, атап айтканда: материалдык процесстерди реалисттик түрдө түшүндүрөт, психофизикалык параллелизмди танат, материалдык процесстердин психикалык процесстерге байланыштуулугун, субстанциалдык ишмерлердин консубстанциалдуулугун тааныйт.

Ишмерлер көп сандаган иш-аракеттерди жүргүзөт жана мейкиндик менен убакытта жашап турган мамилелердин системасын жаратышат. Бардык ушул мамилелер өзүнчө турган дүйнөнү түзбөйт, ал эң башында эң жогорку өнүккөн субстанциалдык ишмер-дүйнөлүк дух турган жападан жалгыз бирдиктүү космос системасы болуп саналат.

Субстанциалдык ишмерлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бардык субстанциалдык ишмерлер бири-биринен бөлүнгөн эмес, алар өз ара бирдей, башкача айтканда консубстанциалдуу. Лосскийдин персонализми Лейбництин монадологиясынан ушунусу менен айырмаланат. Лосский Лейбницке карама каршы, эшик-терезеси жок монаданын бар экендигин тааныбайт. Лосскийде субстанциалдык ишмерлер, бири-бирине көз каранды болбосо да негизги абстрактуу-идеалдуу формаларды алып жүрүүчүлөр катарында өз ара бирдей келет жана бирдиктүү бытиени түзөт, башкача айткандаалар өз ара катышта турат. Бирок бул карым-катыштын мүнөзүн алдын ала билүүгө болбойт. Алар өз күчтөрүн сүйүү үчүн же душмандык үчүн бириктириши мүмкүн.

Кээ бир ишмерлер айрым бир жалпы умтулуштарды биргелешип ишке ашыруу үчүн биригиши мүмкүн, мындай учурда бул биригүү жашоонун бир кыйла татаалыраак баскычына жетишүүнүн каражаты болуп саналат. Мындай биригүүнүн жакшы жолу — өзүн өнүгүшү жагынан өзүнөн алда канча жогорку баскычта турган кайсы бир ишмерге баш ийдирүү болуп саналат. Биримдиктин иерархиясы пайда болот: атом, молекула, кристалл, бир клеткалуу организм, көп клеткалуу организм, аарыларга, термиттерге окшогон организмдердин жалпылыгы, адам ишмердүүлүгүнүн чөйрөсүндө — булар улуттар жана бир бүтүндүктү түзгөн адамзат, андан ары планета, күн системасы, Аалам. Лосский мындай түзүлүштү иерархиялык персонализм деп атайт.

Чыгармачылык жактан көз каранды болбогон ишмерлер дүйнө системасын, космостун бирдиктүү системасын түзүшөт, бул дүйнө системасы өзүнүн жашап турушунун негизин өзүндө камтып турбайт. Бул дүйнөнүн негизи — дүйнөдөн тышкары жашап турган жана бардык системалардын үстүндө көтөрүлүп тура турган принцип гана боло алат. Космостон тышкарылык (сверкосмический) принцип дүйнөдөн толук эркин турат. Дүйнө космоссуз жашай албайт, ал эми космос дүйнөсүз жашай алат. Философия муну интеллектуалдык интуициянын жардамы менен ача алат, интуиция металогикалык принципке багытталган мистикалык интуицияга алып келет. Космостон тышкарылык принциби абсолюттук чыгармачылыктын, башкача айткандажоктон бар кылуучу чыгармачылыктын натыйжасында дүйнөнүн негизи түзүлөт. Демек, Кудай дүйнөнү жоктон бар кылып жараткан. Диний тажрыйбанын негизинде бул космостон тышкарылык принциби жандуу Кудай катарында, инсан катарында ачылып көрүнөт.

Кудай тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Баалуулуктардын да иерархиясы бар. Кудай — эң жогорку баалуулук, муну дүйнөдөгү бардык нерселерден көбүрөөк сүйүү керек. Андан кийин макулук инсан турат, ал кайталангыс индивид, аны башка эч кандай баалуулук менен алмаштырууга болбойт. Андан кийин бөтөнчөлүгү жок (безличные) баалуулуктар турат, алар: акыйкат, адеп-актык, эркиндик, сулуулук. Бул толук кандуу жашоо-турмуштун абсолюттук жыргалчылыгынын курамдык бөлүктөрү болуп саналат.

Сүйүү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүйүү инсандын бир кыйла эркин көрүнүшү болуп саналат. Сүйүү — бул эрктин эркиндигинин көрүнүшү. Эрк эркиндиги проблемасын карап чыгууда Лосский формалдуу жана материалдык эркиндиктин ортосундагы айырманы ачат. Формалдуу эркиндик дегенибиз ишмер ар бир конкреттүү учурда өзүнүн айрым бир көрүнүштөрүн тыя алат дегенди билдирет. Материалдык эркиндик — бул ишмердин жаратуучулук — чыгармачылык эрки өз колунда дегенди билдирет. Материалдык эркиндик Кудай дүйнөсүндө чек дегенди билбейт.
Лосскийдин этикасы адеп-актык мамилелердин системасында баалуулуктардын иерархиясына басым жасайт. Эгерде ишмер өзүнүн сүйүүсүн кайсы бир баалуулукка багыттаса, бирок анын иерархиясын эсепке албаса, анда бул — өзүн өзү сүйгөндүктүн көрүнүшү болот, анткени ал баарынан мурда Кудайды, андан кийин өзүн сүйүүгө тийиш. Муну бузуу күнөөгө алып келет.

Кудай дүйнөсүнөн тышкары турган жашоо-турмуш — эрк эркиндигин туура эмес пайдалануунун көрүнүшү деп эсептейт Лосский. Кээ бир ишмерлер, бытиенин абсолюттук толук кандуулугуна умтулушуп, буга өз жолу менен жетишүүгө аракет жасашат. Мындай учурда аларды текеберчилик башкарып турат, алар Кудайдан жана башка жандардан жогору турууга умтулушат. Бул да күнөөгө алып келет.

Эгоизм (өзүмчүлдүк) — бизди Кудайдан бөлүп турган нерсе ушул. Мына ушундай эле түрдө эгоизм ишмерди башка жандардан да бөлөт. Эгоисттик маанайда ой жүгүрткөн жандын чыгармачылык жөндөмдүүлүгү акырындык менен өчөт. Эгоизм — бул жамандык, түпкү күнөө. Мына ушундай күнөөлөрдүн кесепетинен көптөгөн ишмерлер актуалдуу эмес, потенциалдык инсандар болуп калышат.

Лосский Кудайкишини дүйнөнүн башына койгон христиандык көз карашты кабыл алат. Ал ошондой эле орус динчил философторунун софиология концепциясын да кабыл алат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]