Мотивдөө

Википедия дан

Мотивдөө, мотивировка – жазуучу каармандардын иш-аракеттерин, чыгармадагы негизги окуялардын натыйжасын көрсөтүү үчүн башка иш-аракеттерди, окуяларды психологиялык жактан ишенимдүү сүрөттөө процесси, эволюциялык абал. Ч. Айтматовдун “Бетме-бет” повестинин финалында Сейде өз күйөөсүн душман катары кармап берет. Анын ошол абалын мотивдөө үчүн автор Тотойдун уюнун уурдалышы, алардын чиедей жетим балдарынын оор абалы, өзүнүн жекече турмуштук активдүү позициясынын ойгонушу, Ысмайылдын уурдалган уйдун этин алып келиши жөнүндөгү эпизоддорду киргизген. Дал ошол Мотивдөөнүн натыйжасында гана Сейде жогорудагыдай чечкиндүүлүк жасоого чейин көтөрүлөт. Ошентип, Сейденин бетме-бет чыгып, Ысмайылды кармап беришине окуучу толук ынанып калат, эң туура болду деп, Сейдени колдойт. Мотивдөөнүн жоктугу, чала иштелиши чыгарманы ишенимсиз көрсөтөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз адабияты: энциклопедиялык окуу куралы. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - Б.: 2004