Акт (документ)

Википедия дан

Акты (лат. actus – аракет, actum – документ). 1) жосун, иш-аракет;
2) ырасмий документ, ал өз милдеттеринин чегинде, мамлекеттик орган, кызмат адамы тарабынын мыйзамда белгиленген таризде (мыйзам, жарлык, токтом ж. б.) чыгарылат жана милдеттүү аткарылуучу күчкө ээ болот.[1]

Актынын түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Өткөзүү-кабыл алуу (жумуш, материалдык баалулуктар, документтер);
  • Изилдөө (техникалык коопсуздук абалын, өрткө каршы коопсуздукту, эмгек шарттарын);
  • Сыноо (үлгүлөрдү, системдерди, технологияларды);
  • Жок кылууга жөнөтүү (материалдык баалулуктарды, документтерди);
  • Өткөзүү (курамдык бирдикти бир уюмдан башкасына);
  • Тартип бузуу
  • Текшерүү
  • Инвентаризациялоо
  • Кырсыктарды тергөө
  • Уюмду жоюу
  • Уруксат берүү
  • Таануу
  • Катоо
  • Негиздөө
  • Тыйуу салуу
  • Техникалык

Актынын милдетүү маалыматтары (реквизиттери)[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Уюмдун аталышы
  • Документтин түрүнүн аталышы
  • Түзүлгөн күнү жана катоо номуру
  • Түзүлгөн жери
  • Тексттин баш сөзү
  • Кол тамгалар
  • Бекитүү белгилемеси (бекитүүнү талап кылган актылар, бекитилүүчү документтердин тизмесине киргизилиши керек)

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору,авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7