Дифференциацияланган окутуу

Википедия дан

Дифференциациялаган окутуу – окуучулардын жеке өзгөчөлүктөрүн эске алуу шартындагы окутуу. Жалпы билим берүүчү мектептерде бардык балдар бирдиктүү окуу пландары, бирдиктүү окуу программалары, бирдиктүү окуу китептери жана бирдиктүү окуу куралдары менен окутулат. Бирок алардын тубаса жөндөмдүүлүктөрү, кызыкчылыктары, өсүү деңгээли, турмуштук пландары ар башка. Башталгыч класстарда алардын мындай айырмачылыктары анча кескин түрдө байкалбаса да улам барган сайын дааналанып, айырмалана баштайт. Ошондуктан жогорку класстарда бүткүл класс менен иштөөдө ал айырмачылыктарды эсепке алуу кыйындай берет да, белгилүү класстан баштап бүткүл балдарды алардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуусуз бирдей окутуу педагогика жактан максатка ылайык келбей калат. Ошентип, окутуу процессинде окуучулардын жекече же алардын бир нечесинин группалык өзгөчөлүктөрү эсепке алынгыдай шарттарды изденүү көйгөйү келип чыгат. Окуучулардын типтүү айырмачылыктарын эсепке алуу менен мүнөздөлүүчү окуу-тарбиялык процесс дифференциацияланган процесс деп, ал эми мындай процесстеги окутуу болсо дифференциацияланган ошондой деп аталат. Окутууну дифференциациялоо – дидактиканын эң негизги проблемаларынын бири, анткени, окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эсепке алып, алардан толук пайдаланган кезде гана окутуунун билим берүүчүлүк жана тарбиялоочулук гана эмес, анын балдарды жалпы өнүктүргүч потенциалынын жогорку эффектине жетишүүгө болот.

Окутууну дифференциациялоо боюнча эки түрдүү түшүнүк бар: тышкы дифференциациялоо жана ички дифференциациялоо.

Тышкы дифференциациялоодо окуучулардын жекече өзгөчөлүктөрүн эске алуу үчүн алар ошондой топторуна бөлүштүрүлөт: атайын класстар, ал гана эмес атайын дифференциациялоошкон мектептер түзүлөт.

Ички дифференциациялоодо окуучулардын жекече өзгөчүлүктөрүн эске алуу мугалимдин кадимки эле класста иштөөсүндө ишке ашырылат.

Окутууну тышкы дифференциациялоонун төрт түрү бар:

  • Окуучулардын жөндөмдүүлүктөрү боюнча;
  • Жөндөмсүздүктөрү боюнча;
  • Алардын келечекте ээ боло турган адистигинин долбоорлонушу боюнча;
  • Алардын кызыгуулары боюнча дифференциациялоо

Биздин коомдо орто мектепте окутууну дифференциациялонун биринчи жана экинчи түрү колдонууга ылайыксыз, ал эми үчүнчү жана төртүнчү түрлөрү болсо ылайыктуу жана алар кеңири таралган.

Тышкы дифференциациялоону ишке ашыруунун мүмкүн болгон формалары катарында төмөндөгүлөрдү көрсөтүүгө болот: – окуучулардын ыктыярдуулугу менен тандалып алынуучу факультативдик сабактарды уюштуруп өткөрүү; – бир катар окуу предметтерин тереңдетип үйрөнүүнүн класстарын уюштуруу; – атайын мектептерди (физика жана математикалык, физика жана химиялык, физикалык, химия жана биологиялык, гуманитардык жана башкалар) уюштуруу. Булардын ар биринин өзүнчө артыкчылыктары жана кемчиликтери бар.

Ички дифференциациялоонун мааниси төмөндөгүчө баяндалат: Окуу программаларынын мазмунунун бирдиктүүлүгү окуу процессинде окуучулардын бардыгына тең бирдей проблемаларды сунуш кылууну талап кылат. Мына ушунун өзү мугалим үчүн эң эле татаал дидактикалык маселе болуп эсептелет, анткени класстагы окуучулардын туюнуп билүүлөрүнүн өсүшү жана туюнуу тажрыйбаларынын деңгээли эң эле ар түрдүү: кээ бир окуучулар коюлган проблеманы өз алдыларынча түшүнүп чыгара алышат, экинчилерине болсо ошол эле проблеманы алар үчүн жеткиликтүү болгудай кылып майдалап берүүгө туура келет, үчүнчүлөрүнө проблеманы чыгаруунун жолун, планын толук түшүндүрүп көрсөтмөйүнчө алар ойлонуп эмгектенүүгө киришишпейт жана башкалар Ойлонуп эмгектенүүнүн темпи боюнча да окуучулар бири-биринен өтө айырмаланышат: күчтүү окуучулар начар окуучуларга караганда окуу материалын үч эсе тез кабыл алып түшүнүшө тургандыгы белгиленген. Ошого карабастан, практикада мугалимдер окутуунун темпин кээ бир чындыкта жок «орточо» окуучунун темпине ылайыктап уюштурат. Мына ошол орточо темп бүткүл класстык жамааттын ишинин ритми катарында, ошондой эле ар бир окуучунун ишинин да критерийи катарында кабыл алынат. Мындай шартта тез ойлонуп иштөөчү күчтүү окуучулар толук өсүп-өнүгө алышпайт, алардын өсүшү жасалма түрдө токтотулат. Ал эми жай ойлонуп иштөөчү балдар болсо орточо темпке жетише албай, материал үйрөнүлө баштагандан бир аз убакыттан кийин эле коллективдик ритмден чыгып, мугалимдин жана окуучулар коллективинин башкаруусуна камтылбай калат. Ошондуктан мындай окуучулар кээде өздөрүн ойлонуп эмгектенүүгө жөндөмсүзмүн, демек, толук баалуу эмесмин деген сыяктуу натура ойго келиши ыктымал. Чындыгында мындай окуучулардын көпчүлүк сабактардан алуучу «2» жана «3» деген баалары алардын ишинин темпин гана мүнөздөйт, бирок, ал баалар эч убакта алардын туюнуп билүү мүмкүнчүлүктөрүн мүнөздөй албайт. Тилекке каршы, мектеп практикасында жай ойлонуп иштөөчү окуучуларды кээде сабакты билбеген окуучуларга теңешет, мугалимдер мындай окуучуларды көп учурда жалкоолонуп, жакшы окугусу келбеген окуучулардай эсептешет.

Жай ойлонуп эмгектенүүчү окуучулардын нормалдуу иштөөлөрүнө шарт түзүү максатында өлкөбүздүн айрым алдыңкы мугалимдери төмөндөгүдөй чараларды көрүшөт. Бирдей эле өлчөмдөгү тапшырманы чыгаруу үчүн жай ойлонуп иштөөчү окуучуларга кошумча убакыт беришет. Мисалы, математика, физика жана башка сабактар боюнча контролдук иштерди өткөрүүдө аларга кошумча убакыт беришет же оозеки суроолорго жооп берүү үчүн да башкаларга караганда аларга убакытты көбүрөөк сарп кылышат жана башка. Бирок, берилген кошумча убакыт үчүн аларга коюлуучу балл төмөндөтүлбөйт. Жай ойлонуп иштөөчү окуучуларга мугалим башкаларга караганда тез-тез жардам берет, алар мыкты окуган алдыңкы окуучулардын жардамынан да пайдаланышат, аларга ар түрдүү маалыматтар боюнча справка берүүчү кошумча адабияттардан кеңири пайдаланууга уруксат берилет. Бирок, мына ушул жардамдардын көрсөтүлгөндүгүнөн алардын билиминин бааланышы эч төмөндөтүлбөйт, башкача айтканда алардын билимине баа коюуда көрсөтүлгөн жардамдар жана жеңилдиктер эсепке алынбайт. Мында мугалим үчүн эң негизгиси анын жай ойлонуп иштөөчү окуучусу класска коюлган проблема кандайча чыгарыла тургандыгына түшүнүп эмгектене башташы болуп эсептелет. Ошентип, кадимки класста окутууну дифференциациялоодо окуучуларга сунуш кылынуучу проблема дифференциацияланбайт, проблема бүткүл класс үчүн жалпы бирдей, анткени, куу программасы бардык окуучу үчүн бирдей милдеттүү талап кылынат, мында төмөнкү үч нерсе дифференциацияланат: 1. Окуучулардын ишинин мазмуну дифференцирленет (проблеманы чыгарууга киришсин үчүн алардын ар кимисине ар кандай деңгээлдеги жардамдар көрсөтүлөт, жалпы проблема майдаланып берилет же аны чыгаруунун планы, жолу көрсөтүлөт жана башкалар). 2. Бирдиктүү жалпы проблеманы чыгарууга ар бир окуучунун зарыл түрдө минималдуу сарп кылуучу убактысы дифференциацияланат (жай ойлонуп иштөөчүлөргө кошумча убакыт берилет жана башкалар) 3 Окуучулардын изденүүлөрүнүн натыйжаларын эсепке алып баалоо дифференциацияланат (эгерде күчтүү окуучу жалкоолонуп жардам алса, анда көрсөтүлгөн жардам үчүн анын баллын кемитүүгө болот, ал эми алы жетпегендиктен муктаж болгон окуучуга көрсөтүлгөн жардам үчүн анын баллы кемитилбейт жана башкалар ).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,