Көңүлдүн бөлүнүштүүлүгү

Википедия дан

Көңүлдүн бөлүнүштүүлүгү – бир эле убакта ар түрлүү ишмердүүлүктүн объектилерин сезимге кармап туруучулук жөндөмдүүлүк. Демек Көңүлдүн бөлүнүштүүлүгүүк касиети бул адам жумуш аткарып жаткан кезде анда ыкылас коюп ой топтоонун бир гана эмес, бир эле убакта эч болбогондо эки тоомчекити бар экендигин билдирет. Көңүлдүн бөлүнүштүүлүк касиети окуучунун окуу ишинде эң башкы роль ойнойт. Анткени окуучуга бир эле убакта ар түрдүү мүнөздөгү аракеттерди ишке ашырууга туура келет. Мугалимдин айткандарын угуп кабылдайт, материалдын кээ бир фрагменттерин жазып белгилейт, маалыматарды канчалык туура түшүнүп жазып жаткандыгын текшерип ж. б. Бул аракеттердин бир мезгилде параллель иштелиши, албетте көңүлдүн туура бөлүш-түрүлүшүн талап кылат.

Көңүлдүн дагы бир мүнөздүү касиети анын башкага өтүп которулуучулугу – бул адам өзүнүн көңүлүнүн тоомчекитин (борборун) бир объектиден экинчи объектиге сезимдүү түрдө атайын ниеттенип өткөрүү жөндөм-дүүлүгүн мүнөздөйт. Бул жөндөмдүүлүк да окуучуларда акырындык менен калыптандырылат.

Мына ошентип, эгерде көңүл туруктуу, жакшы жыйналып топтолгон, оңой бөлүштүрүлүүчү жана которулуучу болуп чоң көлөмгө ээ болсо, анда андай адамда көңүлдүн касиеттери жакшы жетилип өнүккөн деп айта алабыз.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004