Курманходжаева, Роза Исаевна

Википедия дан

Курманходжаева, Роза Исаевна (1953-ж. туулган, Тоң району) – педагогика илимдеринин доктору (2002 ж.), профессордун милдетин аткаруучу (200 ж.). В. В. Маяковский атнындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун чет тилдер факультетин (1975 ж.), Кыргыз илим изилдөө педагогика институтунун алдындагы аспирантураны (1983 ж.) бүтүргөн. И. Арабаев атнындагы КМПУнун педагогика жана психология кафедрасында окутуучу, ага окутуучу, доцент кызмат орундарында эмгектенген.

Курманходжаева 50-дөн ашык илимий эмгектерди жазган, алардын ичинде 2 монографиясы бар. Курманходжаеванын илимий идеялары “Ч. Айтматовдун педагогикалык көз караштары” деген эмгектеринде чагылдырылган: “Ч. Айтматов эне тил көйгөйлөрү жөнүндө”, “Ч. Айтматовдун чыгармачылыгынын жалпы педагогикалык мааниси”, “Ч. Айтматовдун чыгармачылыгындагы ар намыс көйгөйү азыркы күндөгү актуалдуу суроолордун бири катары”.
Курманходжаева Ж. Баласагын атнындагы КМУУнун философия жана мамлекеттик башкаруу факультетинин алдындагы жогорку мектептин педагогикасы кафедрасында эмгектенет.





Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004