Вегетатив нерв системасынын ооруулары

Википедия дан

Вегетативдик нерв системасынын ооруулары жана алдын алуу. Кээ бир кишилердин Вегетативдик нерв системасынын жөнго салуусу төрөлгөндөн эле жетишсиз болуп, алар ысык менен суукту көтөрө албайт, толкунданса тез кызарат же кубарат, тердеп, жүрөгү тез согот. Мунун баары вегетатив дистониясынын белгилери. Вегетативдик нерв системасынын бузулушу жугуштуу оорулар менен ооруганда, мышьяк, коргошун, сымап менен өнөкөт ууланганда, баш травма алганда, витамин жетишсиздигинде, өтө чарчаганда жана кайгырганда ачык байкалат. Вегетативдик нерв системасынын мээдеги жана жүлүндөгү жогорку бөлүгү жабыркаганда анын жөнгө салуу жөндөмдүүлүгү бузулат. Мындай оорулуулар чөйрөнүн өзгөрүшүн, кара жумушту жана эмоциялык өзгөрүүлөрдү көтөрө албайт, мисалы, мээдеги вегетатив борбору жабыркаса жүрөк-кан тамыр дистониясына алып келет (Кан тамыр дистониясы).

Вегетативдик нерв системасынын түзүлүшү


Вегетативдик нерв системасынын четки бөлүгүнүн (вегетатив чатыштары жана түйүндөрү) ооруларында ошол жер ооруйт жана жанаша жаткан органдардын иши бузулат. Эгер моюн жана көкүрөк симпат түйүндөрү же симпат түркүгүнүн өзү сезгенсе көкүрөк, бел ооруп, оору ийинге жана моюнга өтөт, жүрөк тез согуп, оорусу күчөйт. Курсак көңдөйүндөгү Вегетативдик нерв системасынын түйүндөрү сезгенгенде ич ооруйт, көбөт, өтөт же катат, көңүл айланат, тамакка табити тартпайт. Баштагы вегетатив түйүндөрү сезгич нерв менен тыгыз байланышта болуп, сезгенсе өтө катуу ооруйт, бет кызарып же кубарып, айрым жер тердейт, шилекей бөлүп чыгаруу бузулат, жаш агып, мурундан суу куюлат.
Вегетативдик нерв системасынын ооруларын алдын алуу үчүн өтө чарчоодон, суукка урунуудан, өндүрүш кырсыктарынан жана тиричиликтик уу химикаттардан уулануудан сактануу керек. Витаминдүү тамактануунун, жугуштуу ооруну өз убагында дарылоонун да мааниси чоң. Вегетативдик нерв системасынын ооруларын себебине жараша дарылайт. Ар кандай дары жана физиотерапиялык процедуралар сунуш кылынат. Оорунун оордугуна жараша ооруканада, поликлиникада жана курортто дарыланат.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8