Дисфория

Википедия дан

Дисфория(от грек. δυσφορέω — Азап тартуу, айласы кетүү, ыза болуу)— айрым психикалык ооруларда капалуу көңүлсүздүк, кыжырлануу; себепсиз эле туталанып, көңүл чөгөт, ачууланып, кээде агрессияга барат. Көбүнчө талма ооруларда болот; оору капысынан башталып, бир нече минутадан бир нече күнгө созулат да, капысынан токтойт. Дисфория борбордук нерв системасынын ооруларында, психикалык ооруларда да байкалат. Кээде спирт ичимдиктерин көп ичүүдөн да болот.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8