Баатырдык үйлөнүү

Википедия дан

Баатырдык үйлөнүү — эпикалык башкы каармандын өзүнө ылайыктуу жарды издеп таап, ар кандай шарттарды аткарып, сыноолордон өтүп ага үйлөнүшү. Фольклорчу окумуштуулар алгачкы жамаат коомунун бузулуу мезгилинде эпикалык чыгарманын борбордук темалары «баатырдык үйлөнүү» жана «укмуштар менен күрөшүү» жөнүндө болорун белгилешет. Анткени, Б. ү. алгачкы эпостордун негизги темаларынын бири катарында адамзат коомунун белгилүү тарыхый доору менен шартталат. Эпикалык башкы каармандын үйлөнүшү жөнүндөгү салттык эпизод же мотив — ар кандай окуялардын өнүгүшүнүн бардык этаптарына, баскычтарына тиешелүү болот да, ар башка доорлордогу бүлө жана нике мамилелеринин мүнөзүнө жараша чагылдырылып жана өзгөрүп-өнүгүп турат. Адамзат коомунун ар бир доорунун өзүнүн эң башкы карама-каршылыгы болот. Элдик баатырдык эпостор ушул доорлордун негизги карама-каршылыктарынын натыйжасында пайда болот жана салттык көрүнүшкө айланып, өзүнүн өнүгүшүнүн ар түрдүү этаптарын башынан өткөрөт.

Мурунку уруулук жамааттын өндүрүш каражаттары бара-бара айрым бүлөлөргө таандык болуп жеке менчик негизги ролду ойной баштайт. Мындай өндүрүш каражаттарына болгон жаңы мамилелер эски түзүлүштүн түп-тамырынан бери бузулушуна алып келет. Ошентип, жаңыдан курула баштаган түзүлүш менен эски түзүлүштүн ортосунда зор карама-каршылык пайда болот. Бул кырдаал моногамиялык (бир нике келип чыккан жана аялдар күйөөсүнүн жамаатында турушу керек болгон) бүлөнүн түзүлүшү менен шартталышкан. Моногамиялык бүлө алгачкы жамааттык түзүлүштүн этикалык нормаларын, социалдык эрежелерин бузуп, прогрессивдүү умтулуш катарында аренага чыгат. Мына ушул моногамиялык бүлө үчүн күрөшүү жана аны идеализациялоо коомдун эң башкы идеологиялык маселелеринин бири болуп калат. Бул тарыхый кырдаал алгачкы эпостордогу Б. ү. жөнүндөгү сюжеттердин пайда болушуна зарыл шарт түзөт. Уруулук патриархалдык коомдун шартында үйлөнүү экзогамиялык (алгачкы коом мезгилинде; кийинчерээк да, жакын туугандардын же бир жерде чогуу жашаган жамаат мүчөлөрүнүн ортосундагы никеге тыюу салган салт. Кыргыз элинде кан жагынан болгон жакындык үйлөнүүгө тыюу салган. Жети атадан өтүп кеткенден кийин гана ошол уруудан аял алууга мүмкүндүк берген. Мындай эреже казактарда да болгон. Территориялык жайгашуу уруу группаларына байланыштуу болгондуктан, колуктуну дайым алыс жактан алышкан. Демек, бул түрк-моңгол урууларынын көпчүлүгүндө туруктуу салтка айланган) мүнөздө болгон. Башка элден же уруудан аял алуу максатында баруу үчүн баатыр бир топ тоскоолдуктардан, кыйынчылыктардан өтүүгө тийиш болгон. Мындай шарт ар кандай өнөрдү билүүнү, адамдын күчүн, кайратын талап кылган. Бул доордо матриархаттык мамилелердин ролу өз укугун анча жогото элек болгондуктан үйлөнүү конфликти өтө татаал болуп, күчтүү ситуациялык абалды түзгөн. Уруулук-патриархалдык коом бир нече кылымдарды кучагына алып, өзүнүн өнүгүшүндө тарыхый этаптарга бөлүнөт. Ошондуктан үйлөнүү жөнүндөгү баатырдык эпостордун тематикасы да өз учурунда өзгөрүп, ар түрдүү варианттагы салттык сюжеттердин, эпикалык образдардын системасын пайда кылган.
Түрк-моңгол элдеринин баатырдык эпосторунун баш каармандарынын бүлөлүү болуу үчүн күрөшү түрдүү салттык сюжеттерден түзүлгөн. Бул салттык сюжеттерден элдин байыркы доордогу бүлөлүк мамилелери, турмуштук салттары менен түздөн-түз шартталышкан Б. ү-нүн бир нече түрү болгондугун «Манас» изилдөөчү Э. Абдылдаев төмөнкүчө белгилейт: Жомоктук-мифологиялык мүнөздөгү үйлөнүү. Мында эпикалык баатырлар ар кандай мифологиялык жандыктардын (Теңери-каан, Ай-каан, Күн-каан, Жылан-бий жана башкалар) кыздарына үйлөнөт. Байыркы элдин турмушунда болгон үйлөнүү каада-салтынын чагылышы. Мында эпикалык баатырлар кыз менен жекеме-жеке кармашып жана ар кандай мөрөйдү жеңип (баатырдын кыз же кыздын атасы койгон түрдүү тапшырмаларды аткарышы, тоскоолдуктардан өтүшү, негизинен мындай сыноолорго бир нече талапкерлер катышып, ошондо баатырдын жеңип чыгышы) үйлөнүшү, же болочок колуктунун өз каалоосу боюнча баатырды тандап, жактырып турмуш куруусу.
Элдердин кийинки доорлордогу коомдук турмушундагы үйлөнүү каада-салтынын чагылышы. Мында эпикалык баатырлар куда түшүү жолу менен калың берип же зордуктап тартып алуу менен үйлөнгөн. Баатырдык үйлөнүү темасындагы эпостун байыркы түрлөрүнүн белгилүүлөрүнүн бири катары эпикалык баатырлар алп кыздар менен жекеме-жеке кармашып жеңишке ээ болгондон кийин гана ага үйлөнүшү жөнүндөгү салттык сюжет эсептелет. Бул түрдөгү салттык сюжеттер түрк-моңгол элдеринин эпикалык чыгармаларында ар түрдүү версияларда кеңири учурайт. Мисалы, хакастар менен якуттардын бир катар алптык эпосторунда, алтайдын «Ай-Маныс», шордун «Оглак», буряттардын «Аламжи Мерген», казактардын «Таласпай Мерген», огуздардын «Коркут атанын китеби», башкырлардын «Алпамша жана Барсын-Хылуу» жана башкалар элдик эпостордо сакталган.
Б. ү. салтынын эртеги доорго таандык стадиялык өнүгүшү алтайлыктардын эпосторунан ачык-айкын көрүнөт. Б. ү. салтынын алгачкы стадиясына тиешелүү болгон эпикалык сюжет «Кан-Бүдей» эпосунан жолугат. Кан-Бүдөй Теңери-каандын кызы Темене-Коону алыш үчүн асманга жөнөйт. Жылан-бий, Узун-Калап, Кыска-Калап («калап» — ырайымсыз, таш боор) Теңери-каанды коркутуп кызына кудалашып койгон болот. Теңери-каан: «Ушул үчөөнү жоготсоң Темене-Коо сеники болот» дейт. Кан-Бүдөй нечен жылы кармашып бул мифологиялык жандыктарды өлтүрүп, Теңери-каанга келет. Теңери-каан Кан-Бүдейге дагы бир нече кыйын шарт коёт. Үч аюуну, Үч көк буканы, Кер балыкты жана башкалар жандыктарды кармап, алып келгин деген тапшырма берет. Кан-Бүдей бул мифологиялык жандыктарды нечен кыйынчылыктар менен кармап келип берип Темене-Коого үйлөнөт (Алтай баатырлар. Горно-Алтайск, 1-т., 1958, 24—31-б.). Б. ү-нүн бул тибинде эпикалык аракеттер негизинен жомоктук мифологиялык фондо мотивировкаланат. Эпикалык сюжеттердин курулушу көбүнчө фантастикалык ой жүгүртүүлөрдүн продуктусу катарында көрүнөт. Эпикалык баатырлардын жана алар үйлөнчү колуктунун кайсы элден же кайсы уруудан экендиги жөнүндө эч кандай түшүнүк сезилбейт. Бар болгону бүлө куруу жөнүндөгү түшүнүктү гана учуратабыз. Алтайлыктардын бул типтеги эпосторунун кейипкерлери да мифологиялык кейипкерлер болуп эсептелет. Мисалы, Күн-каан, Ай-каан, Теңери-каан, Эрлик-бий жана эпикалык баатырдын үйлөнүшүнө тоскоолдук кылуучу мифологиялык жандыктар: Жылан-бий, Кер-Балык, Көк-Бука жана башкалар.
Б. ү. салтынын стадиялык өнүгүшүнө мүнөздүү дагы бир байыркы эпикалык сюжет күйөө менен кыздын жекече мелдеши. Бул сюжет көп элдердин эпосторунда чагылдырылган баатыр кыздардын образы менен байланышкан. Баатырдык эпостордо экзогамиялык салт боюнча бүлө курууда кызды алуу үчүн бир нече талапкер аракет кылган. Талапкерлердин бири үйлөнүш үчүн атайын ар кандай мелдештер уюштурулган жана мөрөйдү кимиси утса, ошол үйлөнүүгө тийиш болгон. Талапкерлердин өнөрүн сыноодо көбүнчө үч мелдеш — ат чабуу, бута атуу, жекеме-жеке күрөш мүнөздүү болгон. Турмуш куруудагы мындай салт байыркы мезгилдерде эле Орто Азия менен Борбордук Азиянын элдеринде болгондугун этнографиялык материалдар ырастайт. 2-кылымдын акырында 3-кылымдын башында жашаган грек жазуучусу Клавдий Элиандын жазган маалыматында: «Сактардын кимиси кыздарга үйлөнгүсү келсе, аны менен күрөшүүгө тийиш болгон. Эгерде кыз жеңсе, жеңилген киши туткун болуп анын карамагында калган. Күрөштө кызды жеңсе гана аны өзүнүн бийлигине алган» (Клавдий Элиан, Разнообразные повествования. СБ. Древние авторы о Средней Азии, Ташкент, 1940, 23—24-б.),— деп көрсөтүлөт. Өткөн кылымдын акырында этнограф В.И.Вербицкий тарабынан жыйналып, «Алтайские инородцы» деген ат менен жарыяланган фольклордук материалдардын ичинде кара сөз түрүндө жазылган бир катар эпостор бар. Ал материалдарда Б. ү. салтынын алгачкы тибине кире турган жана «Манас» эпосунун байыркы катмарын аныктоодо алтайлыктардын «Ай-Маныс» аттуу баатырдык эпосунун мазмуну ишенимдүү далил болуп берет. Жээк менен Ай-Маныс баатыр үйлөнүү үчүн Кан-Кызга барышат. Кан-Кыз: Күрөшкөндө кимди жыксам аны өлтүрөм, эгер жыгылсам — ошо кишиге тием» деген шартты коёт. Алар жети жылы күрөшүп, чабышып жатып экөө тең жеңилет. Ай-Маныс кайра Кан-Кыз менен күрөшүп, чабышып отуруп акырында жеңишке ээ болот. Шарт боюнча кыз ага тиет» (В. И. Вербицкий, Алтайские инородцы. — М., 1893, 146—165-б.). В. М. Жирмунский ушундай эле салт түрк-моңгол элдеринде байыртадан сакталып келатканынын жана 13-кылымда дагы учурай тургандыгын белгилеп, бир катар фактыларды келтирет (В. М. Жирмунский. Сказание об Алпамыше и богатырская сказка, М., 1960, 221—226-б.). Бул сыяктуу байыркы эпикалык сюжеттер «Манас» эпосунун тутумунан айкын көрүнөт. Маселен, Сагымбай Орозбак уулунун вариантындагы (башка варианттарда да чала чарпып айтылат) Манас менен Сайкалдын жекеме-жеке сайышын атоого болот. Жекеме-жекеде жеңилген Сайкал Манаска акыреттик жар болууга никелешсе, калмактын Кайыпдаң деген канынын кызы Карабөрк менен беттешип жеңишке ээ болуп Манас ага үйлөнөт. Алгачкы адамдардын дүйнөгө көз карашы чектелүү болгондуктан коомдун жана жаратылыштын ар түрдүү кубулуштарын натура түшүнүшкөн жана алардын дүйнөгө болгон мамилеси алгачкы коомдордо мифологиялык мүнөздө болгон. Ошондуктан байыркы жамаат түзүлүшү кулап, уруулук-патриархалдык коомдун түзүлүү доорундагы үй-бүлө куруу үчүн күрөшү алгачкы Б. ү. тибиндеги эпостордун негизги идеясын түзөт да, ал тарыхый доордун поэтикалык чагылышы мифологиялык мүнөздө болот.
Б. ү. салтынын кийинки этабында окуя жомоктук мүнөздө болуп, айрым мифологиялык кейипкерлер катышкандыгына карабастан доордун тарыхый чындыктарынын көп үлүштөрү поэтикалык жактан реалдуу сүрөттөлөт. Бул типтеги Б. ү. салтында башкы кейипкер негизинен мифологиялык кейипкер эмес, кандайдыр бир шарттуу элдердин өкүлдөрү менен кандары болот. Чынында жар издөө, аны кыйынчылык менен табуу, көп тоскоолдуктар, кыйын тапшырмаларды аткаруу аркылуу гана аны алуу эпикалык салттардын ичинен жөө жомоктук мотивдердин эң эскилеринен. Укмуштуу көп окуялар, адам таң каларлык сыйкырдуу эпизоддордун көпчүлүк башаты да колукту издөө, аял алуудан башталат. Ал бирде алты баштуу ажыдаарды жеңсе, бирде алоолонгон отту кечип өтүп, укмуштуудай тоону ашып колуктусун тапкан же жер алдына түшүп кызды алууга жөндөмдүүлүгүн далилдеген ар түрдүү тапшырмаларды аткарган. Б. ү. салтынын мына ушундай тибине кыргыздын баатырдык эпосторунун ичинен жалгыз «Эр Төштүктөгү» Төштүк баатырдын жер алдына түшүп Көк-дөөнүн кызы Күлайымга үйлөнүшү кирет.
Эпикалык баатырларга турмушка чыгуучу кыздар белгилүү эрежелер боюнча өздөрүнүн тандоосу же каалоосу менен барышат. Кыздын түбөлүк жарды «эркин» тандашы этнографиялык жана тарыхый материалдарга караганда энелик доорго таандык экени айтылат. Төштүк жер алдына түшкөндөн кийин кубулуп таз кейпин кийип, Көк-дөөнүн уюн кайтарат. Ушул учурда кандын бойго жеткен үч кызы өзүлөрүнө ылайыктуу күйөө тандашат. Кичүү кызы Күлайым Төштүктү тандап жактырат. Ага үйлөнгөндөн кийин баатыр кайын атасынын татаал тапшырмаларынан, сыноолорунан өтөт. Бир катар мифологиялык душмандарды жеңет. Үйлөнүүнүн ар кандай тиби сүрөттөлгөн эпостордо кандай гана мелдештин түрү болбосун негизинен баатырлар үйлөнгөнгө чейин аткарышат. «Төштүк» эпосунда бул мотив башкача берилет. Кызга үйлөнгөнгө чейин эмес, үйлөнгөндөн кийин гана Төштүк каардуу кайын атасынын татаал тапшырмаларын аткара баштайт. Баатырдын үйлөнүшү дагы эң эски мотивдер менен коштолгон. Кандын алдына Төштүк таз кейпинде барат. Таз кейпин кийүү (түрк-моңгол элдеринин фольклорунда көп учуроочу образ. Көбүнчө эпикалык баатырлар башка элге же душмандарына барганда таз болуп кубулуп алат) эртеги адамдардын кубулуу ишеними менен байланышкан байыркы мотивдердин бири. Кыргыз эпосторунда бул өңдүү мотив жокко эсе. Жомоктордун эң эски үлгүлөрүндө гана бир аз кезигет. Мындай кубулуу хакас, алтай, якут, моңгол жомокторунда да, баатырдык эпосторунда да жыш учурайт.
...Алтай баатыры Козын-Эркеш Каратыкандын Байым-Сур деген кызын алуу үчүн жоо кийимин кийип, курал-жарагын алып жөнөйт. Кан кызынын колуна бир аяк кымыз, кунан койдун куйругун берип, элди чубатууга салат. Байым-Сур эч кимди урбай, элдин артында келе жаткан тазтаракайды (тазды) урат. Ачуусу келген кан элди кайрадан чубатат. Кызы кайра эле баягы тазды урат. Мындан кийин Козын-Эркеш кайын атасынын бир катар татаал тапшырмаларын аткарып кызына үйлөнөт (Алтай баатырлар. Горно-Алтайск, 1959, 2-т., 113—150-б.). «Төштүк» эпосу боюнча Көкдөө бойго жеткен кыздарын күйөөгө бермек болуп, күйөө тандоону кыздардын эркине коёт. Колдоруна алма берет, кимди кааласа алма менен уруп, ошого чыгышмак (алма менен уруу эпостогу кийинки кошумча болуу керек). Анткени бул мотив элдин оозеки чыгармаларында негизинен кымыз, эт айтылат. Алма менен уруу иран, араб жомокторунда күчтүү. Мисалы, «Шах-Намэде» ушул мотив учурайт. Көкдөө кол алдындагы элдин баарын жыйнатып, чубатууга салат. Биринчи кызы бектин уулу Бекбачаны, экинчи кызы кандын уулу Канбачаны уруп, ошолорго турмушка чыгат. Үчүнчү кызы Күлайым эч кимди карабай коёт. Кайра-кайра чубатат, бирөөнү да алма менен урбайт. Акырында унутулуп калган уйчу тазды (Төштүктү) алып келишет. Кыз «тазды» уруп, ага тиет. Кыздын каалоосу боюнча элди чубатмага салып, алма ыргытып күйөө тандоо өзбектердин баатырдык «Рустем кан» поэмасында да кезигет (В. М. Жирмунский, X. Т. Зарифов. Узбекский народный героический эпос, М„ 1948, 158-б.).
Эртеги эпикалык баатырларга чыгуучу кыздар белгилүү эрежелер боюнча өздөрүнүн тандоосу же каалоосу менен барышат. Алтай баатырдык эпосторунда мындай мотив айрыкча мааниге ээ. «Киндигибиз биздин бирге бүткөн, кирпигибиз биздин бирге ачылган», «Отум аны менен бирге күйгөн, орунум (төшөгүм) аны менен бирге салынган» деп баатырга турмушка чыгат. Кайсы гана элдин оозеки чыгармаларында болбосун эркин жар тандоо матриархаттык доордон келе жаткан мотив экендиги талашсыз. Бул эң эски мотив «Эр Төштүк» эпосунда да сакталып калган.
«Кожожаш» эпосунда да эркин күйөө тандоо идеясы айтылат. Бирок, мында мотив башкачараак талкууланат. Каракожонун кызы Зулайка Кожожаш мергенди жактырып баш кошот. Зулайканын Кожожаштын жаман кийимине карабай, адамдык сапатына карап мамиле кылууга жасаган аракети, «чарыкчанга тийди деп, чапаны жокту сүйдү деп», — кээде бир акылы тайкы мырзалардын ушагы, таптык жиктелүү ачык көрүнүп, социалдык карама-каршылык тереңдеп турган учурду көрсөтөт. Кандын кызы Зулайканын көп адамдын ичинен карапайым мергенди жактырышы, ага чын берилген татыктуу жар болушу аркылуу элдин адамгерчилик, карапайымдык жөнүндөгү түшүнүктөрүнүн элеси берилген. Эпостун өзүндө да Күлайым менен Зулайканын эркин жар тандоо үлгүлөрүнөн бардык адам бирдей, аял менен эркек тең деген демократтык көз караштын жыйынтыгы чыгарылган.
Ал эми «Манас», «Курманбек», «Жаныш, Байыш» жана башкалар баатырдык эпостордо бүлө куруунун байыркы сюжетинин элементтери сакталган. Сагымбай Орозбак уулунун вариантында Шооруктун кызы Акылай Манаска өзү каалап барат. Башка кыздар да чоролорду тандап жактырышат. Мисалы,
Болсун Манас эрим деп,
Кыздардан чыгып бөлүнүп,
Кыргоолдой мойну көрүнүп,
Сунала басып суйкайып,
Суу чыбыктай буралып,
Султан эрге бет алып,
Манастын барды кашына,
Кыз да болсо Акылай
Конду дөөлөт башына.
Теңин тапты, теңи деп,
Келди мунун эби деп,
Акылай мурда каалады,
Артыкпызбы андан деп
Алиги турган отуз кыз
Бирден - бирден кармады (Сагымбай Орозбаков, 2. 221),— деп Акылай баш болгон кыздар өзүлөрүнө күйөө тандашат. Саякбай Карала уулунун айтуусунда Карачтын кызы Көрпаян өзүнүн каалоосу боюнча Бакайды тандап барат.
Кыргыздын кенже баатырдык эпосторунда башка уруудан аял ала турган баатыр алп кыз менен жекеме-жеке кармашып жеңип же кайын атасынын татаал тапшырмаларын аткарып үйлөнүүдөн башка да, болочокку кайын атасы менен жекеге чыгып, аны жеңип, кызына үйлөнүшү жөнүндөгү мотив сакталган. Ушул эң эски мотив «Курманбек» эпосунда коомдук талапка байланыштуу талкууланат. «Мени сайып ким жыкса, Канышайды берем деп Каалап жүргөн шарты бар» чоң баатыр Бакбуркан: ким Үргөнчтүн суусун кечип өтүп, мени жеңип, өзүнүн баатырдыгын, балбандыгын, эл коргоого жарамдуулугун көрсөтсө, кызымды ошого берем деп жар чакыртат; анын максаты өзү карыганда элге коргон боло турган баатырды даярдоо, табуу. Атасынын бул максатын туура түшүнгөн Канышай каршылык кылбайт жана сынга толгон Курманбек баатырга турмушка чыгат. Мындан байыркы симпатиялык байланыш, башкача айтканда күн мурунтан тагдырына жазылган жар жөнүндөгү мотивдин жаңырыгын көрүүгө болот.
Курманбекке чейин чамынып аккан Үргөнчтү эпикалык баатырлар — Семетей менен Күлчоро гана кечкен. Анда да Ооган каны Акундун кызы Айчүрөктү алуу үчүн барган кыргыз баатырлары эрдигине салышып аркы өйүзгө сүзүп өтүшкөн. Семетейдин да, Курманбектин да Ооган канынын кыздарына үйлөнүшү биздин оюбузча улуу эпостун кенже эпоско тийгизген таасиринен болушу ыктымал. Бирок, эки эпос бул мотивди эки башка талкуулайт. «Семетей» эпосунда матриархаттын элементтери кезигет. Ал аялдардын күйөө тандашынан байкалат. Айчүрөктүн баатырларды сынашында матриархаттын элементтери сакталган. Ошондой болсо да Чынкожо, Толтой Айчүрөктү алабыз деп көп кол менен келип, шаарын курчап алганы көпчүлүк варианттарда салттык түрдө айтылат. Айчүрөк 40 күн күтүүгө убадалашып, аккуу кебин кийип, Таласка келип, шумкарды амал менен алып кеткенде, аны издеп барган Семетей өзүнө ылайык өмүрлүк жары Айчүрөктү Чынкожо, Толтой менен салгылашып жатып, күч менен алганы белгилүү. «Курманбекте» болсо баатыр мурда эч качан көрбөгөн кыздын кабарын угуп, кайын атасынын шартын аткарып үйлөнөт.
«Манас» үчилтигиндеги негизги теманын бири болгон Б. ү. темасы эпостун ар бир бөлүгүндө, ар башка варианттарында көп өзгөрүүгө дуушар болуп, ар түрдүү айтыла баштаган. Ч. Валиханов жазып алган версияда Б. ү-нүн байыркы белгилери сакталып, Манас аялын салгылашып жатып күч менен тартып алат. Анда «өңүнүн актыгы ак кардай, бетинин кызылы ак карга тамган кандай болуп кызарып турган, чачы согончогуна жеткен, жыты жыпар жыттанган, тиши акактай агарган» Каракандын кызы Каныкейге (түп нуска боюнча Ханкей) Манас атасы Жакыпты куда түшкөнү жибергени менен башталат. Жакып уулуна ылайыктуу кыз издеп, көп жерди кыдырып жүрүп Букарга барат. Бирок Жакыптын уулуна кан кызын бербейт да: «Менин кызыма кандын уулу тең келет, сенин уулуңа кедей бийдин кызы татыктуу» дейт. Манас согуш ачат дагы кызды зордоп алат». Мындан элдик оозеки адабиятта кездешкен колуктуну күч менен зордоп алган Б. ү. салты боюнча Манас Каракандын кызы Каныкейди алганы көрүнөт. «Манастын балалык чагы жана Каныкейге үйлөнгөнү» жөнүндө Ч. Валиханов кыскача жазып алган эпизоду ушуну менен бүтөт (Вестник Академии наук Казакской ССР, 1965, № 8. 421-б.). «Манас» эпопеясынын сюжеттик сызыгында үйлөнүү салты боюнча эң көрүнүктүү орунду ээлеген эпизод Манастын Каныкейге үйлөнүшү. Бул эпизоддо элдин бүлөлүк, никелик каада-салттары кенен сүрөттөлөт. Айрым эпикалык мотивдердин байыркы белгилери учураган менен негизинен кыргыздардын кийинки доорлордогу үй-бүлөлүк салттардын атмосферасы менен шартталышат. «Байыркы кыргыздарда социалдык абалына жараша калың үчүн ар кандай санда мал берип үйлөнүшкөндүгү жөнүндө байыркы даректерде эскерилет» (Н. Я. Бичурин. Собрание сведений... М.—Л., 1950, 1-т„ 353-б.). Кыргыздарда кудалашып калыңына төрт түлүк мал төлөп үйлөнүү — байыркы мезгилдерден тартып кийинки эле убактарга чейин өкүм сүрүп келген салт. Ошондуктан Манастын Шатемирдин (Каракан) кызы Каныкейге үйлөнүшү кийинки салт боюнча конкреттештирилип берилген. «Сейтек» эпосунда да Б. ү. өзгөрүп, кийинки мезгилдеги турмушта учураган асыресе көрүнүштөргө өтө жакын сүрөттөлөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4