Манасчылардын түшү

Википедия дан

Манасчылардын түшү — айтуучулардын арасында түш көргөндө, касиеттүү күч даарыгандан кийин «Манас» айтып калуу салты. Элге атагы чыккан улуу манасчыбы же атагы алыска тарабаган, бир айылдын аймагында гана элине эрмек болуп айтып жүргөн манасчыбы, эч кимиси үйрөнүп таалим алган устаты тууралуу, анын зор маанисин түшүнүп турса да, эч бир эскеришпейт жана айтышпайт. Манасчылардын түшүндүрүүсү боюнча манасчылык кесип арбак колдоп, сырткы касиеттүү күч таасир бергенден башталып, ага чыгармачылык шык кирет. Түшүнө «Манас» айтасың деп Манас же анын кырк чоросу кирет да, алардын баатырдык жүрүштөрүн айтып жүрүүнү тапшырат. Мына ушул учурдан баштап, мурда эч кандай ырга шыгы жок адамдын оозунан ыр төгүлүп, талант пайда болуп, «Манас» айта баштайт. Манасчы болот. Түш көрүү процесси — айрым гана белгилүү манасчылардын чыгармачылык өнөрканасына таандык болбостон, дээрлик манасчылардын бардыгына мүнөздүү көрүнүш. Айрым манасчылар бир гана жолу эмес, бир нече жолу кайталап түш көргөндүгүн айтат. Түш көрүүнү кыргыз манасчыларына гана таандык көрүнүш катары эсептөөгө болбойт. Түрк-моңгол элдеринин эпос айтуучуларынын айрымдарынын түш көргөндөрү жөнүндөгү маалыматтар эпос изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде бар. Көпчүлүгү түш көргөндөн кийин да «Манас» айтуудан баш тартып, колунан келбей турган иш экенин айтканына болбой, экинчи жолу да түшүндө келип, көндүрүүгө аракеттенишет, болбосо опузалап коркутуп, аны «Манас» айтууга мажбурлайт. Манасчылардын түш көрүүсү жана алардын түштөрүнүн мазмундук мааниси бири-бирине өтө жакын келет. Манасчы болуу үчүн түш көрүү негиз болгон жана эл арасында түш көргөндөн кийин гана ошол адам чыныгы манасчы болот деген түшүнүк, ишеним кеңири тараган.

«Манас» айтуу кесибине ээ болуу процессин башынан кечирип жаткан адамдардын түш көрүшү ыктымал жана бул анда манасчы болууга ишеним туудурбай койбойт. «Манас» айтууга ынтызар адам ар дайым чыгармачылыктын түйшүгүн тартып, бушайманданып, «Манас» басса-турса оюнда болуп, жан дүйнөсү менен ага берилип, аны ар дайым ойлоп, эстеп турат. Манасчылар жөнүндөгү бар маалыматтарга караганда алардын басымдуу көпчүлүгү түш көргөнгө чейин эле өздөрү көрүп билген манасчыларды ээрчип жүрүп «Манасын» уккандыгы жана таалим алгандыгы ачык айтылган. Бирок, «Манас» айтуучулардын көпчүлүгү таалим алуу мектебине эмес, түш көрүү процессине басымды көбүрөөк коюшат. Манасчылардын кереметтүү түш көрүүсү жөнүндөгү мындай салттык баян эпостун каармандарынын баркын көтөрүү, «Манас» өңдүү элдик улуу мурасты улам кийинки урпактарга кереметтүү кылып көрсөтүү аракеттеринен келип чыгышы ыктымал.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4