«Манас» эпосундагы параллелизм

Википедия дан

«Манас» эпосундагы параллелизм«Манас» эпосунда эки түрдүү окуяны салыштырып сүрөттөө аркылуу поэтикалык образ түзүү ыкмасы. Бул ык менен окуялардын окшоштугу же айырмачылыгы көрсөтүлөт:

Жармы төгүн, жармы чын,

Жарандардын көөнү үчүн,

Жабыратып айтабыз

Жолборс Манас жөнү үчүн.

Көбү төгүн, көбү чын,

Көпчүлүктүн көөнү үчүн,

Күпүлдөтүп айтабыз

Көк жал эрдин жөнү үчүн (Курама вариант, 1. 1.). П. кыргыз оозеки поэзиясында, айрыкча «Манас» эпосунда басымдуу учурап, көбүнчө жаратылыш кубулуштары адам турмушу, тагдыры менен салыштырылат:

Тутунарга туяк жок,

Тууганымдан айрылган

Журтта мендей чунак жок.

Карманарга туяк жок

Канатынан айрылган

Калкта мендей чунак жок (Сагымбай Орозбаков, 1. 17). Эпикалык ыр түзүлүшүндө ритмикалыккомпозициялык курулуштун формасына кирген параллелдүүлүк сөздөрдүн же фразалардын, ыр жолдорунун, ыр топторунун өз ара маани жактан окшошуп, бир эле мазмунду эки ирет кайталоо менен угуучуга жеткирет. Аны «Манас» эпосунун ыр түзүлүшүнөн көп учуратабыз:

Жамгырды көр, чокту көр,

Жабыла тийген окту көр,

Камышты көр, селди көр,

Какайлап ураан чакырып

Каптап калган колду көр.

Мунарык күйгөн чокту көр,

Бузулбай тийген окту көр,

Казылган чуңкур орду көр,

Кажылдап, каптап чуркурап

Каптап калган колду көр (Саякбай Каралаев, 1. 89). Эпостогу окуяга катышкан каармандардын мүнөзүн, алар менен болгон карым-катышын, жаратылышка жасаган мамилесин, портрет-элесин сүрөттөйт:

Алтын менен күмүштүн

Ширөөсүнөн бүткөндөй

Асман менен жериңдин

Тирөөсүнөн бүткөндөй

Айың менен күнүңдүн

Бир өзүнөн бүткөндөй

Алды калың кара жер

Жерлигинен түткөндөй.

П. эпикалык чыгармада абстракттуу көрүнүштөр аркылуу берилбестен, көпчүлүк учурда коңкреттүү сүрөттөлүп жаткан каармандын образына ылайык келүүчү предметтер менен салыштырылат:

Билдин жүгүн кийгендер,

Бири миңге тийгендер.

Жарагын темир кийгендер,

Жалгызы санга тийгендер.

Салтанаттуу сай кашка,

Сөөлөтү журттан бир башка.

Кызыл байрак, кырк кашка,

Кылганы журттан бир башка.

Ушул ыр формасы менен эпостун негизги каармандарына таандык болгон баатырдык, каармандык, айбаттуулук бөтөнчөлүктөрү сүрөттөлөт:

Жүздөн жүзүн бурбас деп,

Жүз миң адам курчаса

Жүдөп карап турбас деп.

Миңден бетин бурбас деп,

Миңдеген адам камаса,

Бир жалтанып турбас деп.

Кармагандан кан чыккан,

Карагандан жан чыккан,

Жаш да болсо Алмаңдын

Жайын билди Эсенкан.

Бул эпикалык окуяга түздөн-түз байланышып, катышып жаткан каармандардын бири-бири менен болгон мамилесин, карым-катышын, ички кагылышууларын, табият кубулушу менен адамдардын мүнөздөрүнүн ортосундагы салыштырууну жеткирүүдө күчөтүү жана апыртуу жолу менен көркөм образга жандуу элес берет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-035-5