Металл эмес кен байлыктар

Википедия дан

Республикада металл эмес кен байлыктардын 3 миңден ашуун кени белгилүү. Алар генезиси, технологиялык касиети жана колдонуу жагдайларына карай — курулуш материалдары, тоо-руда сырьёсу, химиялык сырьё, агрорудалар, кооздук таштар болуп бөлүнөт.

Металл эмес кен байлыктардын көп түрү бир эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн топтордун бир нечесине кириши мүмкүн, анткени алардын практикалык колдонулушу кеңири жана көп кырдуу. Металл эмес сырьёнун кендерин иштетүү республиканын экономикалык-социалдык өнүгүшүндө өтө маанилүү орунду ээлейт. Алар жарандык жана өнөр жай курулушунда, айыл чарбада, өнөр жайдын көптөгөн тармактарында, зергер ишинде ургаал колдонулат.

Курулуш материалдары металл эмес сырьёнун эң кеңири колдонулган түрү болуп эсептелет. Кыргызстандын аймагында курулушка жарактуу материалдардын 1670 жаткан жери табылган. Алардын ичинен 148 кен дыкат чалгындалып, өнөр жайга өздөштүрүүгө берилген, 66 кен казып алынууда. Курулуш материалдары курамы, түзүлүшү жана колдонулушу боюнча каптама табигый таштар, борпоң жана начар камдашкан кесек тоотектер, чопо жана чополуу тоотектер, карбонат тоотектери, гипс ж. б. ажыратылат.

Курулуш-каптама таштар. Республиканын аймагында граниттин, гранит-сиениттин, доломиттин, мрамордун, үлүлдүү акиташ тегинин, акиташ тегинин, роговиктин кендери табылып, 11 кенде геологиялык чалгындоо иштери жүргүзүлгөн. Алардын жалпы баланстык запасы 85,6 млн м3. Ири кендери: Желаргы жана Байбичесоору (гранит-сиенит), Кыртабылгы, Кайыңды жана Теректи (гранит), Чатбазар (доломит мрамору), Агөлөң (сиенит), Сарыташ (үлүлдүү акиташ теги), Арым (мрамор). Курулуш-каптама таштардын запастарын арбытып жаңы кендерин ишке киргизүүнүн келечеги бар. Борпоң жана начар камдашкан кесек тоотектер ( кум, кум-топурак, кум-шагыл кой-таш аралаш чөкмө, кумдук, конгломерат). Алар бетонго жасалма (инерттүү) кошунду катары, силикат кирпич өндүрүшүндө, айнек продукцияларын жана калып материалдарын чыгарууда колдонулат. Кум-шагыл койташ чөкмөсү кеңири пайдаланылат, анын көптөгөн кендери чалгындалып, жалпы запасы эсептелген. Алардын ичинен казылып жаткандары: Беловодский, Токмок, Токмок-2, Бешташ, Аксуу ж. б. кендер. Кварц куму жана айнек калып жасоого керектелүчү кумдуктун мааниси чоң (ири кендери: Карасуу — 6874 миң т, Кольцо-Половинка — 574 миң т, Сөгөттү — 8977 миң т). Ивановка кум кени казылып алынат.

Чопо жана чополуу тоотектер (лёсс, лёсс сымал кумай чопо, чопо, чополуу сланецтер) кыш куюуга, дренаж түтүгүн, керамикалык тактларды (имаратка төшөлмө), клинкер кышын, фарфор жана фаянс, керамзит жана аглопорит (бетонго жасалма кошумча) жасоого жана жабыштыргыч зат катары колдонулат. Республика чопо сырьёсуна бай: анын 500дөй кени белгилүү болсо, анын ичинен жалпы запасы 246771 миң м3ди түзгөн 3 кен дыкат чалгындалган. Бултеке чополуу сланец кени казып алынып, пайдаланууда.

Карбанат тоотектери Кыргыз Алатоосунда, Күнгөй Алатоонун батыш жак учунун түштүк капталында, Тескей Алатоонун түндүк капталында, Талас жана Чаткал кырка тоолорунун түштүк капталдарында, Фергана тоо тизмегинин түндүк-батыш бетинде жана Түркстан-Алай тоо кыркаларынын түндүк капталдарында кеңири тараган. Акиташ тегинин, доломиттин жана алардын метаморфизмделген түрлөрүнүн, мергелдин, акиташ тектүү туфтун кендери белгилүү. Курулуш акиташын жана цемент сырьёсун алуу үчүн Боролдой акиташ кени жана Күрмөнтү акиташ кени казып алынып, пайдаланылууда. Гипс республиканын бардык аймактарында болгон менен, ирирээк чогундулары Ош жана Жалалабад облустарында топтолгон. Алты кенинин баланстык запасы эсептелген (жалпы запасы 28483 миң т). Эки кен — Чаңгырташ жана Ноокат кендери казып алынууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]