Биржа жүгүртүмү

Википедия дан

Биржа жүгүртүмү – белгилүү убакыттын ичинде биржадагы баалуу кагаздар же товарлар менен түзүлгөн бүтүмдөрдүн көлөмү. Сатылып өткөрүлгөн товарлардын ( товар биржасында ), же баалуу кагаздардын ( фондулук биржада ) бааларынын суммасы менен аныкталат. Фондулук биржада сатылган баалуу кагаздардын саны да Б. ж-нүн көрсөткүчү катары кызмат аткарат.

== Колдонулган адабияттар ==