Матисаков, Абдиламит Мурзаевич

Википедия дан

Матисаков, Абдиламит Мурзаевич – жазуучу. Ноокат районундагы Көк-Бел айылында 1956-жылы 15-мартта туулган. 1979-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн.

1979–1986-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде окуп берүүчү, улук корректор, кабарчы, улук кабарчы, жумушчу жана айыл жаштары бөлүмүнүн башчысы, жооптуу катчы, 1987-жылдан «Советтик Кыргызстан» гезитинде бөлүм башчы, 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Журналисттер союзунун башкармасынын биринчи орунбасары, 1992-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратында басма-сөз кызматынын бөлүм башчысы, 1993-жылдан республикалык «Советтик Кыргызстан» гезитинин башкы редактору, 1994-жылдан Мамлекеттик улуттук телерадиокорпорациясынын президенти, 1996-жылдан Кыргыз Республикасынын Президенттик Администрациясынын мамлекеттик кызматынын бөлүм башчысы, 1996-жылдан «Кыргыз Туусу» гезитинин башкы редактору болуп иштеген.

Алгачкы «Тандыр» аңгемелер жыйнагы 1983-жылы жарык көргөн.

Кыргызстан Жазуучулар союзунун жана Кыргызстан Журналистер союзунун мүчөсү.

СССР Журналисттер союзунун сыйлыгынын (1988), Кыргыз Республикасынын Жаштар сыйлыгынын (1991-ж.) Кыргызстан Журналисттер союзунун сыйлыгынын жана Эл аралык «Руханият» сыйлыгынын (2001) лауреаты, Мамлекеттик «Даңк» медалынын ээси (2002). “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер”.


Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тандыр: Аңгемелер. – Ф.: Мектеп,1983. – 40 б.

Ак коргон: Повесть жана аңгемелер. – Ф.: Адабият. 1989. – 143 б.

Кыргыз өңү Чокморовдун өңүндөй...: Очерк. – Ф.: Кыргызстан, 1989. – 40 б.

Атамды көргөн өлбөсүн. – Б.: Бийиктик, 2004. – 465 б.


Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сказание о Суйменкуле. – Б.: Кыргызстан. – 45 б.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]