Кундаштыруу

Википедия дан

Кундаштыруу – биржада чет өлкө валюталарынын, баалуу кагаздардын (акция менен облигациялардын) же товар бааларынын курсун аныктоо; баалуу кагаздар менен товарлардын биржада жүгүртүлүшү; баалуу кагаздардын, чет өлкө валюталарынын, товарлардын биржалык курсу жөнүндөгү ырасмий жарыя. К. адатта товардык, фондулук же валюталык биржалардын атайын органдары (К. комиссиясы) тарабынан жүргүзүлүп, товарлардын дүң баасы, баалуу кагаздардын (акциялар менен облигациялардын), чет өлкө валюталарынын курсу боюнча биржа бюллетенине жарыяланат. Биржадагы К-га экономикалык жактан кыйла күчтүү болгон акционердик коомдордун гана чектелүү сандагы баалуу кагаздарына жол берилет. Ал эми чет өлкө валюталарынын курсу мамлекеттик органдар тарабынан белгиленет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]