Мусулман укугу

Википедия дан

Мусулман укугу – ушу таптагы негизги делген укук тутумдарынын (укук түркүмдөрүнүн) бири; жерпайы жана башкы курамдык бөлүгү диний аныктамалар менен исламдын көрсөтмөлөрү болгон, ошондой эле алар менен өзөктөш байланыштуу диний ишенимге сугарылган адеп-ахлактык жана юридикалык ченемдерди түзгөн социалдык ченемдердин топтому. Диний укуктун башка тутумдарындай эле, М. у. аймактык эмес, жекече укук болуу менен, мусулман коомчулугунун мүчөлөрүнүн арасында жайылтылат. М. у-нун булагы – куран, сүрөө, хадис, үрп-адат. М. у. VII кылымда пайда болуп, азыр айрым өлкөлөрдө гана баштагы калыбында калды (Сауд Аравиясында, Оманда, Бириккен Араб Эмиратында). Көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө М. у. укук тутумунун бир бөлүгү болуу менен, негизинен «жеке кертбаш ыйгарым укугуна» байланышкан маселелерди жөнгө салып турат (кертбаш укугу, нике, мурас, керез). Калган тармактарды роман-герман укук тутумунан же жалпы укук тутумунан өздөштүрүлгөн мыйзамдарды камтыйт. Бирок, биркатар өлкөлөрдө (Ооганстан, Иран, Судан, Пакистан, Ливия, Йемен) М. у. 1980–1990-жылдары өзаракет чөйрөсүн кайрадан кеңейтти, т.а. кылмыш-жаза укугу кыйла исламдаштырылды.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]